Караколдо майып балдарга концерт тартууланды (фото)

Каракол шаарында Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата иш-чара уюштурулду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарага вице-мэр Акылсайра Жумабекова, социалдык кызматкерлер, ата-энелер жана балдар катышып, концерттик программа тартууланды. Бул күнгө карата шаардык бюджеттен 70 миң сом каралып, ага шал оорусу менен жабыркаган 66 балага, Азиздер жана дүлөйлөр коомуна, аз камсыз балдарга, майыптардын «Өрнөк» борборуна жардамдар берилди.

Иш-чарада «Жаш тилек», «Айданек» тобунун бийчилери, жаш комузчулар, жомок каармандары балдарга майрамдык маанай тартуулашты.

 

Turmush 

05.12.2017 

https://www.turmush.kg/news:336260

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*