Ак-Талаада мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында кароо-сынак уюштурулду (фото)

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 3-декабрь — Майыптардын эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ортосунда сынак өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 5-декабрда райондук администрация жана маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган кароо-сынакка 25тен ашык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышып, алар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ошондой эле, жеке ишкерлер бардык катышуучуларга белек, азык-түлүк тапшырса, ал эми райондук прокуратура акчалай колдоо көрсөтсө, аны менен бирге эле райондук аскер комиссариаты, райадминистрация, эмгек жана жаштар бөлүмү белекктерин ыйгарды. Андан сырткары, Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20 миң сом каражат бөлүнүп, белектер тапшырышты.

Ал эми майыптар арасында кароо-сынак жыл сайын уюштурулуп, ага айыл аймактардан келишкен өнөрлүү, таланттуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышып, райадминистрациянын белектери жана дипломдору менен сыйланып келишет.

Turmush

05.12.2017

https://www.turmush.kg/news:336294

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*