Кеминде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга материалдык жардам көрсөтүлдү (фото)

359050-30bea7e7b9bea2f2f282b02fa452bc1b 359047-a3e8e90b4453350281af15a1411657df 359048-1573cb493e2aab88370339aa5276c007 359049-e8a23ab45500aeb2526d1252e061c4cc

Кемин райондук мамлекеттик администрациясы социалдык коргоо жана билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте 3-декабрь — Майыптардын күнүнө карата Токмок шаарында жайгашкан психо-неврологиялык жатак үйүнө барып келишти.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 15-ноябрдан 15-декабрга чейин «Биз биргебиз!» аттуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн кайрымдуулук боюнча бир айлык жарыяланган.

Ошондой эле, тиешелүү иш-чаралар планы түзүлүп, айыл-аймактарга жиберилип, учурда ишке ашырылып жатат. Ошонун негизинде 1-декабрь күнү «Шайыр апалар», «Шайыр аталар» топтору жана маданият кызматкерлери майрамдык иш-чара уюштуруп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга тамак-аш, азык-түлүк жеткирилип, материалдык жактан жардам көрсөтүлдү.

Turmush

02.12.201

http://www.turmush.kg/news:336165

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*