Майыптардын иштөөсүн чектөө долбоору артка чакыртылды

Билим берүү жана илим министрлиги биринчи топтогу майыптарга мугалимдик кесип менен алектенүүгө тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоорун чакыртып алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан “Азаттык” радиосуна билдиришти.

Министрлик буга чейин “Жогорку жана орто окуу жайлардын окумуштуу-окутуучулар курамынын кызматтарынын тартиби жөнүндөгү” жобону өзгөртүүнү сунуштап, тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Анда педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүүдөгү талаптар жазылып, мурда соттолгондор жана биринчи топтогу майыптарга агартуу тармагында иштөөгө тыюу салуу сунушталган. Демилге коомдо кызуу талкууланып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын нааразылыгын жараткан.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстанда 177 миң майып бар.

Анын 29 миңден ашууну балдар. Биринчи топтогу майыптардын жалпы саны 5 жарым миңден ашат, алардын төрт миң жети жүздөн көбү тубаса, 800дөйү түрдүү кырсыктардан улам тагдырдын оор сыноосун баштан кечирип жатышат. Майыптарга мамлекеттен айына 2-3 миң сомдун тегерегинде гана жөлөк пул берилет.

24-ноябрь, 2017
 https://www.azattyk.org/a/article/Kyrgyzstan_Revolution_Day____/28874453.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*