Кыргызда майыптардын саны расмий көрсөтүлгөндөн 2-3 эсеге көп экени айтылды

Кыргыз өлкөсүндө майыптардын саны расмий көрсөтүлгөндөн 2-3 эсеге көп. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге укуктук жардам берүү” фондунун президенти Толкунбек Исаков билдирди.

Аталган фонддун өкүлдөрү БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу тууралуу жазылган конвенциясын Жогорку Кеңештен ратификациялоону талап кылышты. Толкунбек Исаковдун өз укуктарын коргой албаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар айыл жергесинде көп кездешерин белгилеп өттү.

“Бүгүнкү күндө расмий түрдө 170 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Бирок чынында майып адамдардын саны андан эки-үч эсеге көп. Анткени айылдарда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген көп адамдар атайын райондун борборуна келип документтерин даярдап, мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулду алышпайт. Ага бир нече себеп бар. Алардын бири коррупция жана айыл жергесиндеги адамдардын укуктук жактан сабаттуулук деңгээлинин төмөндүгү. Натыйжада көп майып адамдар расмий катталбай калууда”, – дейт Толкунбек Исаков.

Автор: Кенжебай Сатканалиев
13-07-2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*