Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо абалы жана медициналык жардам көрсөтүү шарттары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Беловодск балдардын психо-неврологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо шарттары жана Чүй облусунун Ивановка айылындагы балдардын психиатриялык республикалык ооруканасындагы медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты.

«Өкмөттүн астында ден соолугуна мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жеке өнүгүүсүнө жана жашоосу үчүн зарыл  шарттарды түзүү боюнча чоң милдеттер коюлган. Атап айтканда, жатак-үй тибиндеги социалдык мекемелерди реформалоо жөнүдөгү маселе каралып жатат. Ай сайын орточо эсеп менен алганда  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 14миң сомго жакын каражат кетет.  Биз аталган каражатты балдардын  ата-энелерине  алардын турмуштук чыгымдарын камсыз кылуу үчүн берели деп жатабыз.  Беловодск балдардын психо-неврологиялык социалдык стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын  230нун ичинен 30 баланын гана ата-энеси жок же ата-энесинин биринен ажырагандар. Аталган мекеменин  жашоо шартын жакшыртуу, толук кандуу медициналык жардам көрсөтүү  боюнча чечүү зарыл болгон бир катар көйгөйлөр бар», – деп белгиледи  вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Беловодск балдардын психо-неврологиялык социалдык стационардык мекемеси 1935-жылы түзүлгөн,  анда акыл-эсинен  өсүүсү артта калган 4жаштан 18 жашка чейинки балдардын  туруктуу жашоосу үчүн ылайыкталган  медициналык-социалдык мекеме болуп саналат. Социалдык мекеме 254 балага эсептелген. Бүгүнкү күндө анда 230 тарбиялануучу анын ичинде 132 балдар жана 98 кыздар.

Беловодск балдардын психо-неврологиялык социалдык стационардык мекемесинин директору клиникалык оорулуу балдарды дарылоого жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Аталган маселе боюнча  вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине аталган көйгөйдү чечүү боюнча өз ара биргелешкен механизмди иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Андан ары вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Чүй облусунун Ивановка айылындагы балдардын психиатриялык республикалык ооруканасына барып, абалы менен таанышып, авариялык абалда турган  чарбалык жана кошумча жайларды көрүп чыкты.

Чүй облусунун Ивановка айылындагы балдардын психиатриялык республикалык ооруканасы 40 орунга ылайыкташтырылган. Ооруканада психикалык жактан тийиштүү дарылоого муктаж болгон  балдар  дарыланат.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Чүй облусунун Ивановка айылындагы балдардын психиатриялык республикалык ооруканасындагы абал менен таанышуусунун жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча фонду менен биргеликте оорулуу балдарга сапатуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча анализ жүргүзүүнү жана сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

13 Теке, 2017

http://www.gov.kg/?p=99371

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*