Биз бирдейбиз, биз биргебиз!

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 170 миңден ашуун майыптыгы бар адам жашайт жана, тилекке каршы, алардын саны көбөйүүдө.

Кыргыз Республикасы Конвенцияга 2011-жылы кол коюу менен кошулган. Ошентсе да Конвенциянын жоболорун ишке киргизүү үчүн аны ратификациялоо зарыл.

Конвенция майыптыгы бар адамдарды адамдын бардык укуктары жана негизги эркиндиктери менен толук жана тең укуктуу камсыз кылууну жана аны коргоону, ошондой эле адамдын кадырын сыйлоону аныктайт.

Майыптыгы бар адамдарга жардам берип кереги жок, алардын башка жарандар менен бирдей эмгектенип, салык төлөп, коомдук турмушка катышуусу үчүн шарттарды гана түзүү керек», – Толкун Исаков.

11.07.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*