Таласта аутизм, даун синдрому менен ооруган балдардын реабилитациялык борбору курулууда. Бул тууралуу Кызыл ай коомунун Талас облусундагы өкүлү Дилдекан Шадыбекова билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Талас шаарында аталган оорулардан жабыркаган балдардын «Теңир колдоо» реабилитациялык борбору бар. Ал борбордо 18 бала тарбияланат. Бирок, имараты авариялык абалда болгондуктан, 1 жылдан бери балдар борбордун жетекчисинин үйүндө дарыланууда.
«Ошол маселеден улам биз Талас шаардык мэриясына кайрылып, 28 сотых жер бөлүнгөн. Кызыл ай коому тарабынан Швейцария элинен 55 миң доллар чогулуп, балдар үчүн реабилитациялык борбордун 30 орунду имаратын куруп жатабыз. Жанына кичи футбол аянтчасын куруу пландалууда. Андан түшкөн каражат борбордо тарбияланган балдарга жумшалат», – деди ал.
Turmush
03.07.2017
Leave a Reply