Кадамжайда акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды (фото)

Бүгүн, 15-июнда Кадамжай районунда акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Адилет министрлигинин акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдүн башчысы Акжол Калыбековдун айтымында, мындай борбор Баткен облусунда экинчи жолу ачылып жатат. Анын биринчиси Исфана шаарында кечээ, 14-июнда кызмат көрсөтүп баштады. Аталган борборго керектүү жабдыктар ЮСАИД эл аралык уюму тарабынан алынды.
«Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү борборлор мамлекеттин тизмесине киргизилип, алты штат бөлүндү. Жаңы жылдан баштап 18 штат берилет. Кызматкерлерге азырынча айлык маяна төлөнбөйт. Алар жеке жактоочу катары элге акысыз юридикалык жардам көрсөтүшөт», – деди А.Калыбеков.
Жаңы ачылган акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунда жактоочу Шайдулла Сайназаров жана Баткен облустук юстиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Мелис Эрмеков иштеп жатат.

Turmush 

15.06.2017
http://www.turmush.kg/news:326388/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*