Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын баккан энелерге акча төлөө жөнүндөгү долбоор иштелип чыкты

Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды багып жаткан ата-энелерге ай сайын 5000 сомдон акча төлөп туруу жөнүндөгү долбоордун жобосун иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда министрликтин маалымат кызматы SUPER.KG’ге билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бүгүнкү күндө өлкөдө 18ге жашы жете элек ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 29 миңден ашык бала жашайт. Алардын 6 миңи күнүмдүк жашоодо жакындарынын 100 пайыз кам көрүүсүнө муктаж.

“Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери, негизинен апалары жумушка орношууга мүмкүнчүлүгү жок. Анткени баласы анын кароосуна муктаж. Буга байланыштуу мындай балдары бар үй-бүлөлөр турмуш-тиричиликтен бир топ кыйналат. Ушул көйгөйлөрдү эске алып балдардын апаларына ай сайын 5000 сомдун тегерегинде акча төлөө жөнүндөгү долбоордун жобосу иштелип чыкты”, – деп билдирди министрликтин маалымат катчысы.

Автор: Темирлан Токтосун уулу

Фото: Интернеттен алынды

15-06-2017
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/191479/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*