Бүгүн, 31-майда Нарын шаарында 1-июнь — Балдарды коргоо күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар мэриясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Нарын шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 405 бала социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турат. Алардын ичинен 75 бала шал оорусу менен жабыркайт. Ал эми, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 35 бала ата-энесинин жана жакындарынын кароосунда турат. Бул балдардан Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов жана шаардык кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов жеринен кабар алып, эртеңки майрамдары менен куттукташты.
Ошондой эле, ата-энелер менен баарлашып, болгон убактысын балдарына арнап, жанынан чыкпай кам көрүп жаткандарына ыраазычылык билдиришти.
Балдарга таттуу белектерди даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 17 миң сом акча каражаты каралган.
Turmush
31.05.2017
http://www.turmush.kg/news:325730/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply