Нарында 405 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала катталган

Бүгүн, 31-майда шаар башчылары дайыма ата-энесинин жана жакындарынын камкордугуна муктаж болгон, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык майрамы менен куттуктап, таттуу белектерди тапшырышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

Нарын шаарында 405 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чыга элек балдар шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турат. Алардын ичинен 75 бала шал оорусу менен катталса, 35 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун негизинде, күнүгө ата-энесинин жана жакындарынын кароосуна муктаж болуп келишет.

Жеринде өткөрүлө турган майрамга катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон категориядагы балдардан Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов жана Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ботоканов кабар алып, эртеңки майрамдары менен куттукташты.
Ошондой эле, балдардын ата-энелери менен баарлашып, болгон убактысын балдарына арнап, жанынан чыкпай кам көрүп жаткан жакындарына ыраазычылык билдиришти.
Балдарга таттуу белектерди даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 17 миң сом акча каражаты каралган.

Бишкек /Кабар/

31-май 2017

http://kabar.kg/kyr/news/narynda-405-den-soolugunun-m-mk-nch-l-g-chektelgen-bala-kattalgan/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*