Зомбулукка каршы мыйзам колдоо күтөт

5de9b2d0-5971-4d8f-96e2-614be77208d5_w1023_r1_s

Иллюстрация (Үсөн Акундун сүрөтү)

Кыргызстанда укук коргоочулар президентке кайрылып, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо” жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырышты. Алардын белгилөөсү боюнча, бул мыйзам кабыл алынса, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук азайып, анын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. 17-мартта парламенттин макулдугун алган мыйзам долбоору учурда президенттин кароосунда турат.

Кыргызстанда буга чейин деле адам укугун, балдар укугун, аялдар укугункоргоого арналган мыйзамдар кабыл алынган. Укук коргоочулар бул мыйзамдар толук кандуу иштебей жатканын белгилеп келет.

Ошондуктан, 17-мартта Жогорку Кеңеш экинчи окууда кабыл алган “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо” жөнүндөгү мыйзам долбооруна негизги үмүт артылууда.

“Балдар укугун коргоо” лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтуусунда, мыйзам үй-бүлөгө коомчулуктун кийлигишүүсүн камсыздап, жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин көтөрөт:

Кемсинтүүдөн өчкөн өмүр

Эксперттер маселе кайдыгерликтен чыкканын жана коомдо бейбаш балдар активист катары баркталып баратканына кооптонууда.

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча бүгүнкү мыйзамдарда жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги жок. Айыл өкмөт, айыл же квартал башчылары кандайдыр бир көйгөй же кылмыш болсо, министрликтерге жиберип коюп, өздөрү көңүл бурбайт. Алар мындай көйгөйлөрдү көйгөй деп эсептебейт. Бул мыйзам ишке кирсе, коңшулар менен айылдаштардын, мугалимдердин үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка аралашуусуна шарт түзүлөт. Ар бир адамдын, эненин, баланын жана карынын укугу корголот деп ишенебиз.

Президенттин кароосунда турган мыйзам долбоору зомбулукка дуушар болгон бардык курактагы адамдардын укугун коргоого багытталган.

Суицидди токтотууга болот

Мектеп курагындагы балдардын арасында суицид күч алганын белгилеген активисттер эгер мектептеги мугалимдер, айылдаштары, коңшулары, классташ курбулары алардын тагдырына кайдыгер карабаганда, балдар өз өмүрүн кыюуга бармак эмес деп белгилешет.

Сокулук районундагы №1 орто мектепте бейөкмөт уюмдардын көмөгү менен балдарга жардам берүүчү атайын уюм ачылган. Аны окуучулар уюштуруп, “үй-бүлөсүндө көйгөй бар” деп саналган окуучулар менен иш алып барат.

Активист окуучулардын бири Арген Шергазы уулу үй-бүлөдөгү атмосфера, балдарга жасалган мамиле алардын түнт тартып, сабакка көңүлү чаппай калышына алып келет деген пикирде:

– Андай балдар көзгө дароо эле урунат. Аларды теңтуштары кабыл албайт, “ата-энеси мындай, өзү андай” деп бөлүп турушат. Биз болсо балдарды тренингдерге чакырып, өзүбүзгө аралаштырууга аракет кылабыз. Аларга акырындык менен жакындап, дос катары мамиле кылып, ичиндеги көйгөйүн айтууга көндүрөбүз. Балдар өз көйгөйүн мугалимдерге айтпайт, алар кайра ата-энесине телефон чалып, айтып коет деп чочулашат. Теңтуш болуп сүйлөшүп турсаң, оңой ачылат. Эң кыйын учур – ата-энелер менен иштөө. Алар бизди “силер эмнени түшүнмөк элеңер?” деп кагып же таптакыр эле эшигин ачпай, сүйлөшпөй койгон учурлар бар. Андай убакта бизге соцпедагогдор, психологдор жардам берет.

Укук коргоочулар үй-бүлөдөгү зомбулукка сырттан кийлигишүү болгондо гана, аны азайтууга шарт түзүлөт деп эсептешет.

Биз аялдын, балдардын ачуу ыйы угулуп жаткан үйдүн жанынан унчукпай өтүп кетебиз, чогуу иштеген кесиптешибиз бети-башы көгөрүп келсе, көрмөксөн болобуз.

“Демократиялык жараяндарды иликтөө борборунун” жетекчиси Лариса Илибезованын пикири боюнча, Кыргызстан эгемендик алгандан бери үй-бүлө институтуна көңүл бурулган эмес:

– Биздин үй-бүлөлөр эптеп жашап келишти. Эптеп үй-бүлөсүн, бала-чакасын багуу үчүн миграцияга кетишти, базарда отурушту. Бирок азыр үй-бүлөдөгү зомбулукка көз жуумп коюуга акыбыз жок. Биз аялдын, балдардын ачуу ыйы угулуп жаткан үйдүн жанынан унчукпай өтүп кетебиз, чогуу иштеген кесиптешибиздин бети-башы көгөрүп келсе, көрмөксөн болобуз. Ачка, алсыз карыяларга кайдыгербиз. Бала мектепке көгала болуп сабалып, кир кийими менен келсе, мугалимдер унчукпайт. Врач үй-бүлөдөгү зомбулуктан азап тарткан бейтапка медициналык жардам гана көрсөтүп коет. Бирок мындай болбошу керек. Биз, коомчулук аралашып, кийлигишип, зомбулук көргөн адамдын ордуна күч органдарына арыз жазып, аларды азаптан куткаруубуз кажет.

Зомбулукту токтотууга 25 млн сом

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо” жөнүндөгү мыйзамды иштетүү үчүн жылына 25 млн сом керектелет. Алардын айтымында. бул көп деле каражат эмес. Ушундай эле пикирди парламент депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Аида Касымалиева да билдирүүдө. Депутат айым коомдо адамдардын укугу корголушу үчүн бул мыйзам долбоору ишке кирүүсү керек деп эсептейт:

Аида Касымалиева

Аида Касымалиева

 

– Мурда үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча арызды жапа чеккен киши гана жаза алчу. Ал эми жаңы мыйзам боюнча зомбулукка күбө болгон ар бир адам милицияга кабарлап, арыз жазууга укуктуу. Милиция ошол арыздын негизинде ишти карап, чара көрүүгө тийиш. Бул абдан чоң жылыш, өзгөрүү. 25 млн сом чындыгында көп каражат эмес, биздин Финансы министрлиги деле бул акчаны бөлүүгө даяр.

Зомбулук азайбай жатат

Өткөн жылы, 12-июлда Бишкек четиндеги жаңы конуштардын биринде 39 жаштагы келин күйөөсү бычактап салып, ооруканага түшкөн. Токмок жеп, денесинин бир нече жерине бычак тийген келин тууралуу милицияга №4 оорукананын дарыгерлери маалымдаган. Чүй облустук милициясы жабыркаган аял күйөөсүнүн үстүнөн арыздануудан баш тартканын белгилеген болчу.

Ал эми Ош шаарында 35 жаштагы келиндин бычакталган сөөгү үйүнөн табылган. Көп өтпөй, анын өлүмүнө себепчи болгон жарандык никедеги күйөөсү кармалган. Айрым маалыматтар боюнча, келинди күйөөсү дайыма токмоктоп жүргөн.

Аял урганды адат кылган күйөө көп…

Укук коргоочулар үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөш күчөгөнү менен аялдардын запкы көрүүсү, өлүмү азайбаганын белгилешүүдө.

Ысык-Көл облусунда төрт баланын энеси өзүнө жана балдарына жети жылдан бери күн көрсөтпөй келе жаткан күйөөсүн бычактап өлтүрүп, камалып кетти.

Чүйдө өзүн дайыма токмоктоп жүргөн аракеч уулун балталап салган пенсионер карыя учурда абакта.

Таласта облустук сот жашы жете элек карындашын зордуктап жүргөн кишини 21 жылга эркинен ажыратты.

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы эки жылда үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 481 кылмыш иши катталган. Анын ичинен 36сы үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин өлүмү менен коштолгон.

Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайызга көбөйгөн. Мунун ичинен 70 пайызга жакыны уруп-сабоо, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордук болуп эсептелет. Жарандык активисттер зордук-зомбулук менен жашап келе жаткан үй-бүлөлөрдүн саны миңдеп саналарын айтышууда.

22-апрель, 2017
http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_rights_domectic_violence/28443852.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*