Аял урганды адат кылган күйөө көп…

Иллюстрация (Үсөн Акундун сүрөтү)

Иллюстрация (Үсөн Акундун сүрөтү)

Укук коргоочулар үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөш күчөгөнү менен аялдардын запкы көрүүсү, өлүмү азайбаганын белгилешүүдө.

Кыргызстанда күйөөсүнөн кордук көргөн аялдардын саны азайбай келет. Үч күн мурун Ошто 36 жаштагы келин эринин колунан ажал тапты. Өткөн жумада Бишкектеги жаңы конуштардын биринде 39 жаштагы келинди күйөөсү бычактап, ооруканага түшкөн.

“…Үстүңө токол алам”

30 жаштагы Айназик шаардагы кризистик борборлордун биринде бир нече күндөн бери жашап жатат. Аны мамлекеттик көзөмөл органында иштеген күйөөсү көгала койдой сабап, келин айласы кеткенде балдарын калтырып, үйдөн качып чыккан. Айназик жашоосу тууралуу микрофонго сүйлөп берүүнү туура көргөн жок. Анын айтуусунда, турмушка чыкканына сегиз жылдын жүзү болгон, үч баласы бар. Жолдошу үйлөнгөндөн тартып эле кол көтөргөндү адатка айландырган.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Үй-бүлөлүк зомбулук

Буга чейин да бир нече жолу катуу токмок жеген келин кайын-журтуна, төркүнүнө даттанууга аракет жасап, бирок “эрлүү аял токмок жейт” деген жоопту угуп тим болгон.

Бир да жолу милицияга кайрылуу оюна келген эмес, анткени, көзөмөл органында иштеген күйөөсү “милиция колунда экенин” айтып, антип “убара болбой эле коюусун” эскерткен.

Атасыз чоңойгон Айназик төркүнгө батпасын, үч баласын күйөөсүнө калтыргысы келбесин айтып, айласыз жашап жатканын белгилейт. Айназиктин айтуусунда, жакындан бери күйөөсү “үстүңө токол алам” деп чатак чыгарып жүрөт. Келин балдары үчүн буга деле кайыл…

“Күйөөмдү сотко берсем, эл эмне дейт?…”

12-июлда Бишкек четиндеги жаңы конуштардын биринде 39 жаштагы келин күйөөсү бычактап салып, ооруканага түшкөн. Токмок жеп, денесинин бир нече жерине бычак тийген келин тууралуу милицияга №4 оорукананын дарыгерлери маалымдашкан. Учурда бул иш боюнча Аламүдүн райондук ИИБсы иликтөө жүргүзүүдө.

Ачыгын айтканда, бүгүнкү күнү үй-бүлөдөгү чыр-чатакка себеп көп болуп кетти. Жетишпеген жашоо себепкер дейин десең, аялы менен күйөөсү экөө тең машина тепкен, бизнеси бар үй-бүлөлөрдө да тынчтык жок.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысыАсылбек Токтомушевдин айтуусунда, жабыркаган аял күйөөсүнүн үстүнөн арыздануудан баш тарткан:

– Аялы жолдошунун үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан. Бирок анын денесиндеги бычактын жана таяктын жарааты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыр экспертизанын жыйынтыгы чыкканча милиция тарабынан териштирүү жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгына карап, тергөө улантылат.

15-июль күнү Ош шаарында 35 жаштагы келиндин бычакталган сөөгү үйүнөн табылган. Көп өтпөй, анын өлүмүнө себепчи болгон жарандык никедеги күйөөсү кармалган. Айрым маалыматтар боюнча, буга чейин деле ар кандай чыр-чатактардан улам келин күйөөсүнөн токмок жеп жүргөн.

Укук коргоочулар үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөш күчөгөнү менен, күйөөсүнөн запкы жеген аялдардын саны күн санап өсүп жатканын белгилешет.

Алар үй-бүлөдөгү зомбулуктун күчөшү үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына жана ички, тышкы миграцияга байланыштуу деп айтышат. Ошол эле учурда зордук-зомбулукка ичкич, баңги, кумарпоз же мигранттын жубайлары көп туш болору белгиленчү. Бирок соңку кезде зомбулук көрсөткөн күйөөсү да, токмок жеген аялы да мамлекеттик кызматтарда иштеген, билимдүү, сабаттуу адамдар болгон учурлар көп кездеше баштады.

Иллюстрация

Иллюстрация

Оштогу “Акжүрөк” кризистик борборунун негиздөөчүсү Дарига Асылбекованын“Азаттыкка” билдиргени боюнча, үй-бүлөдөгү зомбулуктун күч алуусуна аялдардын өз укугун билбегени негизги себеп:

– Биздин аялдардын үйдөгү зордук-зомбулукка баш ийип, унчукпай жүрүүсүнө бир нече себептер бар. Биринчиси – алардын иштебей, үйдө отуруп, финансылык жактан күйөөсүнө көз каранды болгону. Экинчиден, билимсиздиги. Эч кандай кесиби жок, укугун билбейт. Үчүнчүдөн, үй-бүлөдөгү жетишпестик. Социалдык абалдын начардыгы да аялдардын ур-токмокко алынышына алып келип жатат. Ал эми оокаттуу үй-бүлөлөрдө күйөөсү башка бирөөнү таап алат да, өзүнүн аялын психологиялык жактан басмырлап, укугун талашса, күч колдонуп сабап салган учурлар арбын. Мындан көбүнчө билимдүү, иштеген, колунда акчасы бар аялдар деле жабыркап келе жатат. Көпчүлүгү “эл эмне дейт” жана “балдар жетим калбасын” деген түшүнүк менен өздөрүн кыйнап жашайт.

“Үйдө тынчтык жок болсо, бала аны көчөдөн издейт…”

Балдар демекчи, психологдор үй-бүлөдөгү зомбулук бир гана эркек менен аялга эмес, оболу балдарга чоң сокку экенин белгилеп келишет. Орто мектептердин биринде социалдык педагог болуп иштеген окутуучу Элмира Алматованынайтуусунда, күн сайын чыр-чатактын очогунда жашаган балдардын психикасына зак кетет:

– Ачыгын айтканда, бүгүнкү күнү үй-бүлөдөгү чыр-чатакка себеп көп болуп кетти. Жетишпеген жашоо себепкер дейин десең, аялы менен күйөөсү экөө тең машина тепкен, бизнеси бар үй-бүлөлөрдө да тынчтык жок. Эгер үйүндө тынымсыз чыр-чатак болсо, баланын психикасын түркүн дүйүм тамак да, кымбат баалуу буюм-тайым да сактап кала албайт. Тескерисинче, үйдөгү чыр-чатактан качып, балдар көчөгө чыгып кетип жатышат. Көчөдөн бала кандай тарбия, кандай үлгү аларын менден жакшы билесиздер. Эл аралык уюмдар жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен чогуу жасаган иликтөөсүндө, көчөгө чыгып кеткен балдардын көпчүлүгү үйүндө тынчтык жоктугунан улам кетип калышкан.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайызга көбөйгөн. Мунун ичинен 70 пайызга жакыны уруп-сабоо, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызысексуалдык мүнөздөгү кордук болуп эсептелет.

июль 19, 2016
http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_rights_women_violence/27866572.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*