Соңку убактарда өспүрүм кыздарга карата сексуалдык зордук-зомбулуктун саны артууда

Бүгүн, 16-февраль күнү Бишкекте балдардын зордук-зомбулукка кабылышы боюнча тегерек стол болуп өттү. Иш чарага кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү, Бишкек шаарынын вице-мэри, мектеп директору, коомдук уюмдун өкүлдөрү жана Социалдык коргоо министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жаш балдарга карата көргөзүлгөн зомбулукту жоюу маселеси каралды.

Биз коомдо болуп жаткан балдарга карата зомбулукка көңүл кош карап жатабыз. Бүгүн баарыбыз чогулуп ушул маселени талкуулап гана жөн калбашыбыз керек. Балдардын чоңдор тарабынан жана жакындары, курбулары тарабынан шылдыңга кабалышына каршы күрөшүшүбүз зарыл“, – деп билдирди Бишкек шаардык кеңештин социалдык иштер боюнча туруктуу комиссиянын өкүлү Гүлнара Молдобаева.

Жыйындын жүрүшүндө жашы жете элек өспүрүмдөр өз ата-энелери тарабынан да зордуктоого кабылып, жабыр тартып келгени айтылды. Соңку убактарда статистикалык маалыматтарга ылайык, балдардын зомбулукка кабылышы 7 пайызга, мындан сырткары өспүрүм кыздарга карата сексуалдык аракеттердин саны жогорулаганы айтылды.

“Советтер союзу учурунда бир баланын зордук-зомбулукка кабылышы бүтүндөй коомчулукту дүрбөлөңгө салчу эле. Ал учурда бир эле ошондой окуя катталса мамлекеттик жетекчилер, тиешелүү кызматтагы адамдар ызы-чууга түшүп калышчу. Азыркы күндө зордуктоо, уруп-сабоо көбөйүп кетти“, – деп билдирди Бишкек шаардык медициналык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков.

Биз ата-энелерге балдарыңыздарды спорт менен алектенүүгө үндөп, аларга көп көңүл бөлүүңүздөрдү сунуш кылат элем. Анткени бала бош калган учурда терс көрүнүштөргө ыктап, жаман жолго барышы мүмкүн“, – деп билдирди жаш активист Жакшылык Бекназаров.

Автор: Акназар Сулайманкулов
Фото: Акназар Сулайманкулов
16-02-2017
https://www.super.kg/kabar/news/176915/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*