Лейлектеги жакыр үй-бүлө майып ата-баланын пенсиясы менен жашап жатышат (фото)

Лейлек районунун Бешкент айылынын 29 жаштагы тургуну Нурбек Карабашев 10 жылдан бери өпкө оорусу менен ооруп, азыр ата-энеси, бир туугандары менен оор шартта жашап жатат.
Өзүнүн айтымында, атасы да 1 буту жок майып.
«Атам аскерде жүргөн учурда бир бутунан айрылып келген. Ошол бойдон ишке жарабай, жасалма бут менен жүрөт. Мен өзүм өпкө оорусунан жабыркап, элимден жардам көрсөтүлүп операция болдум. Учурда абалым жакшы эле. Бирок дарыланып турам, ишке жараксызмын.

Мени кейиткени, үй-бүлөм үчүн эч нерсе кыла албаганым. Аялым да 3 жыл жашаганыбыздан соң уулумду колуна кармап, оорукчансың дегенсип кетип калды. Учурда үйдө иштеген киши жок. 3 бөлмөлүү үйдө 9 киши жашап жатабыз», – деди ал.

Нурбек Карабашев үй-бүлөдө 6 бир туугандын эң улуусу. 27 жаштагы карындашынын жолдошу каза болуп, учурда карындашы да баласы менен атасынын үйүндө турат. Ал эми 21 жаштагы иниси башынан жаракат алып, иш кылганга жараксыз.

«Айылда жумушка чыгалы десек жумуш жок. Үй-бүлөдө ооруп, ишке жараксыздар көппүз. Жакыр үй-бүлөлөрдүн катарында тизмеде турабыз. Үйдө иштеген адам жок болгондуктан атамдын жана менин пенсиямды күтүп жашайбыз.

Өкмөттөн жакыр үй-бүлөлөрдөн кабар алып, биздин абалды түшүнүп, жардам берип коюшун суранам», – деди ал.

Turmush 

20.01.2017

http://www.turmush.kg/news:318493/?from=kg_turmush&place=newstoplast

1 Comment

  1. Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтунүн Эски оочу айылынын жашоочусу Карабашов Нурбектин үй-булөсундө атасы Карабашов Абдыкадыр 3-топтогу майып, Карабашов Нурбек 2-топтогу майыптыгы боюнча ал эми Энеси Курсанай пенсия алат. Анын үйундө жашаган карындашы атасы каза болгон баласы үчун багуучусун жоготкондугу үчун жөлөк пул алышат. Мамлекет тарабынан каралган женилдиктер алар учун райондук тийиштүү органдар аркылуу толук берилүүдө. Ал үй-булө кароосуз калбаган. Бешкент айыл өкмөту мумкүнчулугунө жараша көнул бурууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*