Аялга күчүн чыгарган чоң муштумду кантип жазаласа болот?

“Беш айлык боюмда бар эле,  эрим мени сабап коюп, балдарды таштап кетип калышыптыр. Балдарым мени ийнимен түрткүлөп, “апа, тур” деп ыйлап жатыптыр, ошондо эсиме келип, көзүмдү ачтым”, –  деп айтып берди Айгүл (аты озгортулгон).

Коомдо көп орун алып, курчуп бараткан үй-бүлөдөгү зөөкүрлүктүн тамыры кайда жатат? Укук коргоочу органдар менен башка мамлекеттик органдардын буларга эч чара көрбөгөндүгүнөн, үй-бүлөдөгү зөөкүрлүк үй-бүлөнүн ички иши деген коомдо калыптанып калган эрежелерден (кыргызда “койлуу катын куйрук жейт, эрлүү катын таяк жейт” деген макал да бар) улам жашап жатат. Кээде катуу жаракат алып же өлүп калган учурлар да бар, мунун баары албетте, аялдар өзү үйдөгүнү сыртка чыгарбай жашыргандыгынан келип чыгып жатат.

Эгерде аял мындай кордукка чыдабайм деп чечип, өз укугун коргоп чыга турган болсо көп тоскоолдуктарга учурайт, ошол үчүн баарына чыдоого, чечкиндүүлүк менен аягына чейин турууга туура келет.

Адвокат Бактыбек Талипович Жумашевдин айтуусунда анын иш тажрыйбасында үй-бүлөдөгү зөөкүрлүк боюнча иштер козголуп калса, бул иштер укук коргоо органдарынын эң төмөнкү же ортоңку звеносунан эле басылып калат. Укук коргоо органдары, прокуратура, соттор, медициналык экспертиза мекемелери мындай иштерди караганга мойну жар бербейт, а кокус козгогон болсо аягына жеткирбей созуп жүрө беришет. Структуралардын кызматкерлери да эгер аял таяк жесе демек өзү күнөөлүү деген коомдо калыптанган пикирди колдойт. Бул көйгөй мамлекеттик башкаруу системасындагы жоопкерсиздик менен кайдыгерликтен улам ого бетер курчуп барат.

Бир жагынан таяк жеген аялдар өздөрү да арызын жазып берип коюшат, бир аз убакыт өткөн соң арызын кайра алышат. Адвокат Бактыбек Жумашевдин клиенти Т. Айгүл  (атын өзгөртүп койдук) эри сабап, кордуктаганы үчүн чечкиндүү чара көрүп ишти аягына чыгарууга бел байлаган. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында 5 айлык боюнда бар аял эринен катуу таяк жеген.

Адвокаттын маалыматы: Т. Айгүлдү 2016 жылы 26-февралда күйөөсү катуу сабаган, аял арыз жазып, соттук-медициналык экспертизага жиберилген, экспертиза Айгүлдүн денесинен жаракат алып, ден соолугу кыска убакытка  начарлаганын көрсөткөн. Диагнозу: баш сөөгүнө, мээсине залака келип, мээси чайкалган. Бул күйөөсү Л.Х. нын аракетинде  КРдин Кылмыш жаза кодексинин 112 беренесинин 1 бөлүгүндө каралган кылмыш курамы бар экендигин далилдейт. Бул беренеде жогорудагыдай жаракат келтирип сабагандыгы үчүн жаза каралган (180-240 саат коомдук жумуштарды аткарат, эсептик көрсөткүчтүн 50 өлчөмүнө чейин  айып салынат, 1 жылга чейин түзөтүү жумушуна же 1 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылат).

Күйөөсүнүн талабы боюнча тергөөчү комиссиялык экспертиза дайындайт. Экинчи экспертиза да биринчи көрсөтүлгөн натыйжаны далилдеген. Күйөөсүнүн талабы боюнча тергөөчү 1-июлда комплекстүү экспертиза дайындаган. Экспертизанын иши 2 айга созулган (Саламаттык сактоо министрлигинин нускамасында экспертизага 1 ай мөөнөт берилет). Комплекстүү экспертиза дагы биринчи эки экспертизанын көрсөткөнүн бекемдеген. Бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин амнистиясына карай кылмыш иши ачылбайт. “Тогуз айдан бери укук коргоо органдары мен калкага алган аялды коргоо боюнча эч кандай иш-чара көрө элек. Же коомдук коопсуздук бөлүмү, б.а. участкалык милиция, же Свердлов райондук ички иштер башкармасынын тергөө бөлүмү  тынчсызданып чара кабыл алмак тургай, коргоо ордерин да берген жок, кылмыш ишин да ачкан жок”, – дейт адвокат.

Кандай жаза берүүнү талап кылмаксыздар?

Б.Ж.: Биз эң жогорку жазаны талап кылабыз, анткени  ушул убакытка чейин күйөөсү аялынан кечирим сураган жок – бул бир. Аялы беш айлык боюнда бар, эки кичинекей баласы менен эринен кетип калган, ушуга чейин артынан барып кечирим сурап же жарашуу тууралуу ойлогон жок. Ушул мезгилге чейин бала-чакасын багууга кам көрүп, материалдык көмөк көрсөтпөгөн, эми бул аялга ажырашууга арыз берди.

Сиздин коргооңуздагы аялдын алган моралдык зыянын кандай баалайсыз?

Б.Ж.: Муну баалаш өтө кыйын.Адамдардын акыйкат сотко, укук коргоо органдарына болгон ишеними жоголду. Айгүл өзүнүн кемсинтилген укугун коргоп  9 айдан бери жаңы туулган ымыркай баласын көтөрүп алып, көрүнгөн эшикти каккылап, акчасын, убактысын, нервин коротуп, укук коргоо орган кызматкерлеринин психологиялык кысымына чыдап жүрөт. Ушуну баары эле адам укугун бузуу болуп саналат. Мисалы, акылга сыйган мөөнөттүн ичинде акыйкат соттун  тергөөсүнө болгон укук!!!  Мен жардам берген күндө да күнөөлүү адамды жазага тартууга жетише албай жүрөбүз. Буга укук коргоо органдарынын өзү ар кандай шылтоо менен убакытты созуп тоскоол болууда. Аялдын колунда нан сураган балдары турса дагы  балдардын атасы соттун чечими болмоюнча эч кандай материалдык жоопкерчиликке тартылбайт, биздин мыйзамда ушундай. Кылмыш иши козголгондо гана тарткан  моралдык, материалдык зыянды төлөөнү талап кылабыз. Бизде буга далил жок, бирок, менде ушундай бир пикир бар, күнөөлүү кандайдыр бир жолдор менен тергөөгө таасирин тийгизип жатат.

Мындай мыйзамсыздыктын себеби эмнеде?

Б.Ж.: Бизде тергөө кызматкерлерине арыз-муңдар толтура. Бир кызматкерди жазалоого  жетишүү үчүн 2-3 ай кетет, бул үчүн сотко, прокурорго чуркап жүрүп таманың тешилет. Биз тергөө бөлүмүнүн жетекчисине эле эмес, прокуратурага да кайрылдык. Мен өзүм прокурордун орун басарына кирдим, менин ишимди билген соң прокурор өзү кабыл албай койду. Арызым прокурордун жардамчысына жетти эле, аны карап,  тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоодон  баш тарткандыгы тууралуу токтомун  четке кагууну 18 күнгө созду. Акыры токтом четке кагылды, бирок, тергөөчүгө эч кандай чара көрүлгөн жок. Бул иш мен кайра-кайра телефон чалып, чечимди тездеткиле деп суранып жатып араң бүттү. Тергөөчү мындай иштерга кайдыгер карап, созуп-чоюп жүрө берсе дагы эч кандай  жоопкерчиликке тартылбайт экен да.

Дагы бир жагдай: никеге тургандан бери келинге бир дагы мүлк катталган эмес, б.а. 7 жыл жашап, аял иш жүзүндө  көчөдө калды. Т. Айгүлдүн айтымында анын эри , кайната-кайненеси келинди үй-бүлөнүн ишине, акча-тыйынына аралаштырбай баарын өздөрү чечип, өздөрү билишкен. Айгүл күйөөсү менен 7 жыл жашаган,  азыр колунда 3 баласы бар: 6 жашар, 4 жашар, кичинеси 3 айлык. “ Боюмда балам 2 айлык кезимде эрим мени калчылдатып жыгылганга жеткирди. Мен жерде жатып, улуу баламды чоң атаңды чакыр, мага тез жардам чакырсын деп жибердим. Эрим болсо эшикти сыртынан жаап басып кетти. Кайната-кайненемдер коңшу бөлмөдө баарын угуп укмаксан, көрүп көрмөксөн, телевизор көрүп отурушту. Акыркы жолу эрим боюмда беш айлык кезимде сабаганда да баары балдарды таштап кетип калды. Балдар ийнимен түрткүлөп, “апа тур” дегенде эсиме келип көзүмдү ачтым. Чатак кайненемден башталды. Кайненем дайыма баласын түрткүлөп,  биздин бирге жашаганыбызды каалабай турчу. Мен ушуга чейин чыдадым, акыры чыдай албадым, кетип калдым. Сиңдилерим мени ооруканага жеткиришти. Мен врачтарга даттанып, эрим ушинтип сабап салды, жардам бергиле дедим, бирок алар да участкалык милицияны чакырган жок”, – деп айтып берди Айгүл.

Ишти кароого келгенде “күйөөсү байкабай түртүп койгон” деп жазылганы белгилүү болду. Жапа тарткан аял кайрадан Свердлов райондук ички иштер башкармасына  арыз менен кайрылган. Аялдын айтымында, тергөөчү аялды кайта жооткотуп, балдарга ата керек, атасы соттолгон деген да балдардын келечегине зыян келтирет эмне кыласың арызданып, деп көндүргөнгө аракет жасаган.

 28.10.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*