Кыргыз-Кыштактын тургуну аялына 3 жыл бою зомбулук көрсөтүп жүрүп, сабап өлтүргөн

 Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын тургуну аялына 3 жыл бою зордук-зомбулук көрсөтүп жүрүп, сабап өлтүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Кадамжай районунда өткөн «Зордук-зомбулукту биргелешип жеңебиз» аталышындагы тегерек столдо айтылды.
Белгилүү болгондой, ал аял 2-3 жолу милиция кызматкерлерине кайрылып, күйөөсү кол көтөрүп жатканын айткан. Аял каза болгондон кийин туугандары Кадамжай аймактык ооруканасына кайрылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ал арада аймактык ооруканадагы дарыгерлер тарабынан аялдын жүрөгү ооруп каза болду деген корутунду чыгарылган. Анын негизинде күйөөсү жазаланбай калган. Учурда аялдын туугандары прокуратурага кайрылып, оорукананын чыгарган чемине жана күйөөсүнүн жоопкерчиликке тартылбаганына нааразы болууда. Окуя ушул жылы болгон.
Мындай зордук-зомбулук Халмион айыл аймагындагы Таш-Төө айылында дагы катталган. Мас абалдагы киши 13 жаштагы уулун ур-соккуга алган. Жабырлануучу өспүрүм окуя тууралуу укук коргоо органдарына өзү кабарлаган.
Бүгүнкү иш-чарага айыл өкмөт башчылары, дарыгерлер, орган кызматкерлери жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Turmush

24/10/2016
http://www.turmush.kg/news:313423

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*