Таласта карылар үйүндө жашаган аксакал 80 миң сомго бастырма курдуруп берди (фото)

Бакай-Ата районунун 88 жаштагы тургуну Дондок Балтабаев карылар жана майыптар үйүнө 80 миң сомго бастырма курдуруп берди. Бул тууралуу Turmushбасылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Дондок Балтабаев 4 жылдан бери аталган карылар үйүндө жашап келет. Дондок атанын 3 уул, 3 кызы бар. Ал карылар үйүндө жашоону өзү тандап алган. Карылар үйүндөгү бөлмөсүндө сыналгы, ашкана буюмдары бар.

Жубайы Гүлайым апа 1984-жылы каза болгон.

Turmush 

26.07.2016 

http://www.turmush.kg/news:306034

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*