Бул жылы жайылдык ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жолдомолор көп бөлүндү

Бул жылы Жайыл районунан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн Ысык-Көлдө эс алууга 51 жолдомо берилди. Алардын санатордук-курорттук дарылануусу үчүн республикалык бюджеттен 614 миң 840 сом бөлүнгөн. Жайыл районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Асылбек Баймонкоевдин айтымында, башка райондорго салыштырмалуу Жайылга берилген жолдомолордун саны көп. Жолдомолордун көбүнчөсү «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионатына берилди.

«1-топтогу майып жарандар 20 күндүк эс алууга акысыз жолдомо алышты. Ал эми, 2-топтогу майып жарандар 10 күнгө аксыз эс алууга барса, 3-топтогу майып жарандар 30% жеңилдетүү алат. Жолдомо менен тамак-аш, жатаканасы жана дарылануусу камсыздалат», – деди А.Байманкоев.

Turmush 

27.07.2016

http://www.turmush.kg/news:306101

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*