Айыл турмушу: Лейлектик К.Жуманова тигүү цехин ачып, мүмкүнчүлүгү чектелген 8 кызды жумуш менен камсыздады (фото)

Лейлек районунун Голбо айылынын 45 жаштагы тургуну Канзат Жуманова мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тигүү цехин уюштурду. Цехти Финляндиянын «Абилис» кайрымдуулук фонду каржылаган.

К.Жуманова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, «Канзат» тигүү цехинде мүмкүнчүлүгү чектелген 8 кыз-келин иштеп жатат.

Алар майып экенине карабастан жашоого умтулуп, толук кандуу турмуш кечирүү үчүн эртеден кечке жумуш менен алек болушат.

«Бул цехте мүмкүнчүлүгү чектелген 8 адам иштейбиз. Ар кимибиздин тагдырыбыз ар кандай. Мындай тагдыр жараткандын сыноосу экен, сабыр кылып жашап келебиз.

Өзүм 45 жаштамын. 20 жыл мурун жол кырсыгына кабылып, майып болуп, төшөктө жатып калгам. Ага чейин мектепте мугалим болуп иштечүмүн. Аргасыздан ал кесибимди таштап, майыптардын арабасында күн өткөрүп калдым. Башыма жазылган экен деп эле жатып калбай, аракеттенип, өзүм сындуу санаалаштар менен биргеликте мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер үчүн тигүү цехин уюштурууну туура көрдүк.

Бул оюбузду кайрымдуулук фонддор менен тыгыз иштешкен Гүлнара Дербишева, Гүлмира Каримова аттуу жердештерибизге айтканыбызда, алар бул демилгебизди колдоп беришти. Натыйжада «Абилис» кайрымдуулук фонду демилгени колдоп, чакан тигүү цехин ачып берди. Цехти уюштурууга жардам берген адамдарга ыраазычылык билдирем», – деди ал.

К.Жуманова белгилегендей, бул цехте Лейлек районунун ар кыл айылдарынан келген кез-келиндер иштейт.

«Алыстан келгендер ишемби күнү үйлөрүнө барып, эс алып келишет. Учурда 8 тигүүчү машина бар. Алардын бары фонддон которулган акчага сатылып алынган. Кыздар менен биргеликте азыркы тапта кемселдерди, чапандарды, көйнөктөрдү жана сумкаларды тигебиз. Жаңы ачылгандыктан азыркы тапта ири көлөмдө буюртма ала элекпиз. Айыл тургундарынын буюртмасы менен гана чектелип жатабыз. Кудайга шүгүр, иш жакшы.

Алдыда кыздардын себин дагы даярдасак деген ниетибиз бар. Азыркы тапта долбоордун экинчи траншын күтүп жатабыз. Акча которулган кийин керектүү материалдарды алабыз. Ага чейин элден түшкөн каражатка керектүү кездемелерди алып, кийимдерди тигип жатабыз», – деди Канзат Жуманова.

Turmush 

11.07.2016

http://barakelde.turmush.kg/news:303786/?from=kg_turmush&place=newstopcomm

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*