Сүлүктүлүк 2-топтогу майып Н.Кудайназаровага шаар бийлиги жардам берет

 Сүлүктү шаарынын 49 жаштагы тургуну Насиба Кудайназарова кейиштүү шартта жашап жатат. Бул тууралууTurmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар маалымдады.

Алардын айтымында, Насиба Кудайназарова 2-топтогу майып. Ал жакындары жок болгондугуна байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин Сүлүктү шаардык карыялар үйүндө жашап келген. Жакында карыялар үйүндөгү аялдар менен келише албай, алардын ур-токмогунан улам качып чыккан.

Насиба Кудайназаровага бүгүнкү күнгө чейин мамлекет тарабынан эч кандай жардам болгон эмес. Учурда жашап жаткан үйү жараксыз абалда. Азык-түлүгү, жардам бергенге бир туугандары жок.

Бүгүн Сүлүктү шаарынын вице-мэри Бавабек Ташев Кудайназарова менен жолугушту. Ташев ага жардам берүүнү убадалады.

Turmush 

12.07.2016

http://www.turmush.kg/news:304057/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*