8 жашынан тартып ар кандай жаныбарларды жана үйлөрдүн макетин жасап баштаган Тилек 3 жашында авто кырсыктын кесепетинен баспай калды.
Атасы Нурбек Курманалиевдин айтымында, уулу учурда майып арабада отуруп, үйлөрдүн ар түрдүү макетин жасоо менен алек.
«Тилек 3 жашында авто кырсыкка кабылды. Жыл өткөн сайын оорусу күчөп, акыры майып арабага отуруп калды. Азыркы учурда мектепке барбайт. Мугалимдер үйгө келип окутуп кетишет. Быйыл 4-классты аяктады.
Уулум 8 жашынан тартып кагаздардан ар кандай жаныбарларды жасай баштаган. Кийин үйлөрдүн макетин жасоону өздөштүрдү. Азыр жыгачтардан ар кандай макеттерди жасап жатат», – дейт Н.Курманалиев.
Тилек жасаган эмгектерин сатыкка чыгара элек. Бирок, анын эмгегине кызыккандар үйүнө келип сатып алышат.
Кагаздан, жыгачтан ар кандай макеттерди жасоонун жолдорун Тилек китептен үйрөнгөн.
«Алгач уулума китептен ширеңкенин сыртынан жасалган макетти көрсөттүм. Алгач ал макетти жасоого жардамдаштым. Кийин ар түрдүү макеттерди өзү жасай баштады. Азыр үйдүн макеттерине жардам берип калам. Көпчүлүк учурда өзү жасайт», – деди Н.Курманалиев.
Тилек Алтымышов учурда 12 жашта. 3 бир туугандын эң кичүүсү. Майыптыгы үчүн мамлекеттен 3 миң сом жөлөк пул алат. Атасы Нурбек Курманалиев дагы 2-топтогу майып. Тилектин атасы менен апасы 5 жыл мурда ажырашып, ал жана эки эжеси атасынын колунда калган. Учурда алардын үй-бүлөсү Чүй облусунун Токмок шаарында жашайт.
Тилек менен (0551) 96 98 23 номуру аркылуу байланышууга болот.
Turmush
30.06.2016
http://barakelde.turmush.kg/news:302348
Leave a Reply