Ош облусунун аймагында зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен кыздарды коргоочу долбоор иштеп баштады

276664_g276666_g

 

Ош облусунда аялдарды жана кыздарды ар кандай зордук-зомбулуктан коргоого багытталган долбоор иштеп баштады. Учурда аталган долбоор Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Ноокат райондорундагы 9 айыл өкмөттө иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында айтылды.

Жыйынга «ДИА» коомдук фондунун директору Авазхан Ормонова, Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Жамшит Матанбаев, Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Айсулуу Мойдунова, Нариман айылдык кеңешинин депутаты Нуржан Исраилова катышты.

Долбоордун негизги максаты — аялдар арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү институттардын өкүлдөрүнүн кабардар болуусун камсыздоо.

«ДИА» коомдук фондунун директору буга чейин аялдар арасында зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлбөй келгенин айтты.

«Зордук-зомбулукка кабылгандардын 98%ын кыз-келиндер түзөт. Эрте турмушка чыгып жабыр тарткан аялдардын укугу корголбой келген. Ушул күнгө чейин эле айыл жеринде кыргызчылык деген стереотип жашап келет. Зордук-зомбулукка кабылгандар дагы айтпай жаап-жашырып келишет. Ушул күнгө чейин зордук-зомбулукка кабылган өспүрүм кыздар арыз жазып, тиешелүү органдарга кайрылган эмес. Биз командага айылдагы аксакалдар сотундагы, аялдар кеңешинин курамындагы мыйзамды жакшы билген адамдарды кошуп жатабыз.

Долбоордун алкагында биз жапа чеккен аялдарга, кыздарга колдоо көрсөтүп, алардын маселесин чечүүгө жардам беребиз», – деди А.Ормонова.

Кара-Суу районунун Нариман айылдык кеңешинин депутаты Нуржан Исраилова келиндер ооруганын кайын журтуна айтпай, жашырып жүргөн учурлар көп экенин кошумчалады.

«Келин болуп барган кыздар оорусун айтпай, коркуп жаап-жашырып жүрө берип, өтүшүп кеткен учурлар дагы кездешип жатат.

Кыз-келиндерге физикалык эмес, психологиялык жактан дагы зордук-зомбулук болот. Биз быйыл 2 аялдын дарылануусу үчүн каражат бөлүп бердик», – деди Н.Исраилова.

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Айсулуу Мойдунованын айтымында, райондо молдолор жашы жете элек жаштарга нике окубай калды.

«Биздин райондо жылыштар болууда. Жашы жете элек өспүрүмдөргө молдолор нике окубай жатышат. Алар расмий каттоодон өткөндөн кийин гана нике окулуп жатат.

Биздин айылда эрте турмуш кургандардын саны аз. Жыл сайын айылда “Үлгүлүү ата” кароо-сынагын өткөрүп турабыз», – деди А.Мойдунова.

Аталган долбоор 2017-жылга чейин уланат.

Turmush

28.06.2016

http://www.turmush.kg/news:301988/?from=kg_turmush&place=newstopcomm

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*