1-топтогу майып Айзадага майып арабасы берилди, эми ал үй ичинде да жөргөлөбөйт

149901_1 149901_2 149901_3 149901_4 149901_5 149901_6 149901_8

Күйөөсү таштап кеткен 1-топтогу майып аял Айзада Кожобергеновага көмөк көрсөтүү уланууда. Буга чейин ал көксөп жүргөн максатына жетип, үйлүү болгон. Үй тоюн берип жатканда ага активистАзамат Байматов жана КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги биргелешип, 2 майып арабасын белек кылышты.

SUPER.KG порталына кайрымдуу мекендешибиз Азамат Байматов билдиргендей, арабалардын бири үйдүн сыртында, экинчиси үйдүн ичинде жүрүүгө ылайыкташкан. “Айзаданын уулунун аты – Белек. Ага дагы велосипед берилди. Биз акча тартыш болуп, министрликке кайрылганбыз. Министрлик сунушту четке какпай, сунушубузду орундатты. Жыйынтыгы жакшы, буюрса”, – дейт ал.

Кошумчалай кетсек, Айзада Кожобергенованы жолдошу таштап кеткен. Өзү кыйналып басканына карабай уул тарбиялап келет. Өткөн жылы ал активисттердин аракети менен үйлүү болгон.

Фото: Азамат Байматов
Автор: Максат Кудайбердиев
 01-06-2016
http://www.super.kg/mobile/kabar/news/149901/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*