Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 600 баланын көңүлүн көтөрүү максатында чакан концерт уюштурулду (фоторепортаж)

149803_23 149803_22 149803_21 149803_20 149803_19 149803_18 149803_17 149803_16 149803_15 149803_14 149803_12 (1) 149803_11 149803_10 149803_9 149803_8 149803_7 149803_5 149803_6

 

Бүгүн, 1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 600 балага концерт тартууланууда. Аталган иш-чарада Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов балдарды майрамы менен куттуктап, шаарда бөбөктөрдүн урматына бир нече маданий иш-чара өтөрүн айтты.

“Балдар, силерди майрамыңар менен куттуктайм! Силер үчүн мэрия шаардын бардык аймактарында, сейил бактарда майрамдык маанай уюштурду. Келечегиңер кең, ден соолугуңар бекем болсун!” – деди мэр.

Андан соң “Сейтек” борборунун бий, хор ийримдеринин катышуучулары балдарга концерттик программа тартуулашты. Иш-чаранын соңунда бөбөктөргө таттуулар таратылды.

Автор: Гүлназ Тажибаева
Фото: Гүлназ Тажибаева
01-06-2016
http://www.super.kg/kabar/news/149803/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*