Кара-Көлдө мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр арасында кароо-сынак уюштурулду (фото)

  1. 258086_g 258085_g 258084_g 258083_g 258082_g 258081_g 258080_g 258079_g 258078_g 258077_g 258076_g 258075_g 258074_g 258073_g 258072_g 258071_g 258070_g

Бүгүн, 30-майда Кара-Көл шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында «Кылым карыткан кыргыз элим» сынагы өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бул иш-чара 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө, Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп, ага 9 өспүрүм катышты. Сынакта балдар майыптыгына карабай «Кара жорго» бийин бийлеп, элдик ырларды аткарып, кол өнөрчүлүгүн көрсөтүштү.

Сынактын максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үй-бүлөдөгү, коомдогу жашоо шартын жакшыртуу, социалдык активдүүлүгүн күчөтүү, алардын чыгармачылыгын өркүндөтүү болуп саналат.

 Сынактын жыйынтыгында 1-орунга Баяман Кадыралиев, 2-орунга А.Жаналиев, Айсулуу Бакытбек кызы, С.Сапарова, А.Жумалиева, 3-орунга Э.Парпибаев, А.Чокморова, Турсунай Анарбек кызы жана 4-орунга З.Самаганова ээ болушту. Аларга акчалай сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.Бул иш-чарага жергиликтүү бюджеттен 15 миң сом бөлүнүп, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Turmush  Жалал-Абад облусу, Кара-Көл

30.05.2016 

http://osh.turmush.kg/news:297398

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*