Жумуш издейм, бирок алышпайт…

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында кандай гана мекеме болбосун,  кызматкерлердин 3%ын майыптыгы бар адамдар түзүш керектиги тууралуу жазылган. Мыйзамда көрсөтүлгөнү менен майыптыгы бар жарандар жумушка орношо албай келишет. Аларды  эмнеге жумушка алышпайт жана бул учурда кандай чара көрүш керек?

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилген пенсия алардын күнүмдүк керектөөлөрүнө жетпейт. КР Социалдык жактан коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, I топтогу майыптар 3000 сом, II топтогулар 2000 сом, III топтогулар 1000 сом өлчөмүндөгү пенсия алышат. Ошондуктан алар иштеп, кошумча каражат табууга мажбур. Бирок, аларды жумушка алгандар жокко эсе.

“Таягымды көрүп эле жумушка алуудан баш тартышат”

Аскат Букарбаев Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуйт. Ал I топтогу майып болгонуна карабай, окуудан тышкары иштеп акча табуу үчүн жумуш издеп жүрөт.

“Жумуш издеп, кайда гана барган жокмун. Ден соолугума байланыштуу жеңилирээк жумуштарды караштырам. Соода борборлоруна сатуучу, кондитер фирмаларына кароолчу катары кирип алайын десем, колумдагы таягымды көрүп эле “Сиздин бутуңуз ооруйт турбайбы” деп албай коюшат. Ал жакта мен эле эмес, кемпирлер деле кароолчу болуп иштешет экен. Келген-кеткендерди тизмелеп коюунун кыйынчылыгы деле жок да” дейт Букарбаев.

asipaАсипа Мусаева, Майып аялдар ассоциациясынын жетекчиси:
“Майыптарды эч ким жумушка албай жатат”

– Майыптарды жумушка алуу боюнча мыйзам каралганы менен  аларды эч ким жумушка албайт. Баягы эле шарттардын түзүлбөгөндүгүнөн жумушка орношо алышпайт. Бир жерге жумушка орношсо деле дааратканасы же ошол имараттын эшиктери, тепкичтери майыптардын талаптарына жооп бербейт.

nestanНестан Дейдиева, Бишкек шаарынын тургуну, I топтогу майып:
“Майыптар эч нерсе жасай албайт деп ойлошот”

– Мен университетти бүтүргөндөн кийин жумуш издеп көптөгөн компанияларга кайрылдым. Бирок майыптыгы бар адамдын жумуш таап, иштеп кетүүсү кыйын экен. Операторлук жумуштарга “дикцияңыз начар” деп албай коюшкан. Мен жумуш берүүчүлөрдү деле түшүнөм, аларга кызматкердин жасаган ишинин натыйжасы маанилүү да. Коомдо майыптыгы бар адамдар эч нерсе жасай албайт деген түшүнүк калыптанып калган. Мына ушул калыптанып калган түшүнүк майыптыгы бар адамдын өзүнө да, жумуш берүүчүгө да тоскоол болууда. Ошентсе да, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар психологиялык, физиологиялык жактан да башкача болуп, алар өзгөчө мамилени талап кылат. Алар жаңы иш ордуна көнгөнчө убакыт керек. Мына ушул сыяктуу нерселерди жумуш берүүчүлөр эске алышса дейм. Мүмкүнчүлүгү чектелген адам да Кыргызстандын жараны катары өзү каалаган жумушта иштөө менен каражат таап, жашаганга укугу бар. Биринчиден, майыптыгы бар адамдарды коом жакшы кабыл алса. Экинчиден, эркин, өз алдынча жүрүү үчүн шарттар түзүлүш керек. Үчүнчүдөн, массалык маалымат каражаттары майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрү менен жетишкендиктерин байма-бай чагылдырып турса.

Bukarbaev askatАскат Байматов, Майыптыгы бар жарандарга юридикалык жардам берүү борборунун юристи:
“Жумуш менен камсыз кылуу борборлору аркылуу барса, жумушка орношушу керек”

– Эгер майыптыгы бар адам өзү ар кандай мекемелерге жумуш издеп кайрылган учурда, алар жумушка албай койсо, эч нерсе кыла албайт. Ал эми ал адам жумуш менен камсыз кылуу борборуна кайрылып, алар кайсы бир мекемеге жумуш ордун түзүп берүү боюнча билдирген учурда ал мекеме жумушка албай койсо, анда эмгек инспекциясына арыз менен кайрылыш керек. Жумуш менен камсыз кылуу борбору билдирмени жибергенде, алар сөзсүз жумушка алыш керек. Анткени бир мекемеде 20 кызматкер иштесе, алардын жок дегенде бирөө мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болуш керек.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Мунара Кадырдин кызы, Полит Клиника, 14.01.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*