Аялдар жана балдар – Кыргызстандын калкынын эң алсыз катмары

Эне сүтү оозунан кете элек кыздарды ата-энеси өздөрү күйөөгө беришет. Эркектер болочоктогу жубайын ала качып, кордоп келишет. Чоңдор балдардын балалыгын уурдап алып жатышат. Бул тизмени дагы уланта берсе болот. Мындай көрүнүш токтойбу?

Ала Качуу: Мен үчүн баарын чечип коюшту

«Мен 18 жашымда Бишкектеги кондитердик фабрикада иштеп жүрчүмүн. Бир курбу кызым бар эле, ал эс алуу күндөрүн Ысык-Көлгө барып, анын ата-энесинин үйүндө өткөрүүнү сунуш кылганынан мен макул болдум. Барганда баардыгы түшүнүктүү болду – курбу кызым мен үчүн чечим чыгарып, агасына алып бермек болуп, баардыгын пландап койгон экен. Жоолук салып коюшту, мен көпкө чейин каршылык көрсөттүм, өмүрүмдө бир да жолу көрбөгөн адам менен турмуш кургум келген жок. Ошол үйдөгү аялдардын баардыгы мени көндүрүп жатышты, анан мен болочоктогу күйөөмдүн апасы менен тааныштым. Ал менин кетпешимди, айылдыктардын алдында уятка калтырбашымды суранып, үй-бүлөсү жакшы экендигин айтып, ыйлай баштады. Улгайган аялдын көз жашын көрүп ыңгайсыз абалга келдим, анны аяп акыры калууга макул болдум. Турмуш куруп, 30 жыл жашасам да сүйүү, сүйүктүү болуу эмне экендигин билбей калдым. Көп өтпөй кайненем да кайтыш болду, жолдошум  менен өмүр бою кошуна сыяктуу жашадык, 3 балалуу 2 неберелүү болдук. Балдарыбыз эбак эле бөлүнүп, өз алдынча жашап кетишкен. Мунун баардыгы 30 жыл мурда мен үчүн чечим чыгрган, улгайган аялдын көз жашынын кесепетинен болду», – деп айтып берди Чолпон. 

Балдар жана зомбулуктун курмандыктары

Өткөн жылы биринен сала бири балдарга зомбулук көрчөсткөн учурлар коомчулукту таң калтырып жатты. Өз тууганынын колунан зомбулук көргөн 2 жашар Ибрагимдин окуясын билбеген адам жок. Наристе №3 ооруканасында бир нече операцияны баштан кечирди жана бир нече ай бою эсине келе албай жатты. 

Андан көп өтпөй дагы бир үрөй учурган окуя ачыкка чыкты. Нарын облусунда жергиликтүү тургун дээрлик бир жыл бою 8 жашар жээнин зордуктап жүргөн. Ата-энеси ажырашып кеткендиктен кыз туугандарыныкында жашап жүргөн, ал эми атасынын алып кетүүгө чамасы жетпеген. 

Тилекке каршы мындай окуялар өткөн жылы көп болду. 2015-жылдын 9 айында эле балдарга зомбулук көрсөтүүнүн 164 учуру катталган. Алардын 75%зы – зомбулук көрсөтүү (уруп-сабоо, күйгүзүү) жана 19%зы – сексуалдык мүнөздөгү зомбулук. Мындай жырткыччылык токтошу үчүн дагы канча баланын жашоосу талкаланат?

«Бизде бир дагы мекеме балдарга жана аялдарга кордук көрсөтүүнү токтото албай келет. Биздин мекемелерге ишке командалык мамиле кылуу жетишпейт. Бул системада иштегендер принциптерге бек туруп, «күйүп-жанып», баалулуктарга бекем болушу абзел. Баардык мекемелер бирдиктүү иш алып барып, акылдашып иш кылуусу керек. Балдардын жана аялдардын укугу бузулуп жаткан болсо тез арада көңүл бурулуп, калктын бул катмарын коргоо үчүн баардык чаралар көрүүлөрү керек.  Албетте, укук коргоо органдарынын аракеттери чоң роль ойнойт, көпчүлүк учурда алар мындай фактыларга тиешелүү көңүл бөлбөй жатышат. Экспертизалар кеч дайындалып же таптакыр жүргүзүлбөй, иштер козголбой жатат», – деди Балдарды коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова. 

Аялдардын жана балдардын укугун бирге коргоо керек: мамлекет да, коомчулук да. 

Бул материал ПРООН долбоорлорунун жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин аракети менен даярдалды.

Айша Чуштук, КирТАГ, 13.01.2015,
http://kyrtag.kg/kg/society/ayaldar-zhana-baldar-kyrgyzstandyn-kalkynyn-e-alsyz-katmary

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*