Мигранттардын аялдарынын укуктары бузулууда

migranttar

Чет өлкөгө жумуш издеп чыгып кеткен эркектердин көбү жубайлары менен расмий никеге турган эмес. Ажырашканда күбөлүгү жок аялдар менен алардын балдарынын мүлкккө болгон укугу корголбой калууда. Бейөкмөт уюмдардын эсебинде 2015-жылы Ош облусунда эле жүздөн ашык аял алимент өндүрүү боюнча жардам сурап кайрылышкан.

Кыргызстандагы жумушсуздук көпчүлүк эркектерди акча табуу үчүн чет өлкөгө чыгууга мажбур кылды. Балдарын жалгыз таштап кетүүгө кыйбаган аялдар үйдө калышууда. Башында жакшы ниет менен акча табам деп кеткен эркектер заман ушундай деген шылтоону карманышып, ажырашууну адатка айланткандай. Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылынын 18 жаштагы тургуну Умида Асилова да миграциянын айынан ажырашып, балдары менен жалгыз калган.

“Жолдошумдун азыр башка аялы бар экен. Мен 9-классты бүтүп, медколледждин бюджеттик бөлүмүнө өтпөй калдым. Ата-энем контракттык бөлүмгө окута албайбыз дешти. Анан эле туш тараптан күйөө чыга баштады. Жетишпеген көр тириликтин айынан апам мени көңүлүмө жакпаган, өзүмдөн 11 жаш улуу кишиге турмушка узатты. Үч ай жашагандан кийин жолдошум Питерге иштегени кетти”,-дейт ал.

Умиданын жолдошу Россиянын Санкт-Петербург шаарында бир жыл иштеп, ата-энесине акча салып турган. Жаш келин материалдык жактан кыйынчылык тартпаганы менен күйөөсүнүн мамилеси өзгөрө баштады. Өзүнүн аман-эсен жүргөнүн жакындарына билдирип турганы эле болбосо келинчеги менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү токтоткон.

“Ал кеткенден 8 ай өткөндө кыздуу болдум. Төрөт үйүндө нике күбөлүктү сурашты. Же болбосо атасынын фамилиясын бергенге анын макулдугу керек дешти. Кайненеме айтсам, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү күйөөм келгенде алабыз деди. Жолдошумдун өзү да, паспорту да жок болгон үчүн справкада балам менин фамилияма жазылып калды. Мен күйөөм менен телефон чалып сүйлөшөйүн десем номерин өзгөртүп коюптур. Апасы жаңы номерин бербей койду. Көрсө, ошондо эле ойлору бузулган экен. Ачуум келип документке жалгыз бой эне деп жаздырып койдум”,- дейт Асилова.

Арадан бир жыл өткөндө Умиданын күйөөсү үйүнө келип, эки ай жүрүп  кеткен. Анын сөздөрүнө ишенген келин кайра эле алданып калганын аңдаган эмес. Ошондо да жубайлар никесин каттоодон өткөргөн жок. Үй-бүлө башчысы кайра Россияга кетет, ал эми Умида жыл айланбай уулдуу болгон. Төрөөргө жакын жолдошу чалып, башка аялга үйлөнгөнүн билдирген. Анан талагыңды бердим деп смс-кат жиберген.

“Төркүнүмө кайтууга аргасыз болдум. Уулум төрт айлык, кызым үчкө чыгайын деп калды.  Бирок нике тууралуу күбөлүгүбүз жок болгондуктан, мен алимент төлөтө албай жатам. Көйгөйүм чечилбей, айыл башчыга, имамга кайрылдым. Алар бул маселени сот гана чечет, нике күбөлүгүң да жок экен, кыйын болуп калат го деп жооп беришти. Милицияга кайрылгандан, чынын айтсам, уялдым”, -дейт Умида.

Умида менен жолдошу мусулманча гана никеге турушкан. Дин кызматкерлеринин айтымында телефондон талак берүү сунни мусулмандарынын салтында жубайлардын ажырашуусу үчүн жетиштүү.

“Телефон аркылуу чалып айтса да , смс жиберсе да булар ажырашкан болуп эсептелет. Бирок бул туура эмес, жигиттикке жатпаган нерсе. Кадырлап алган жубайы менен чыныгы эркек деген тууган-уругун чакырып, талагын берип ажырашуусу керек, эгер андан башка жол жок болсо”,- дейт диний ишмер Ниязалы Арипов.

Ал эми убагында көңүл буруп, никесин документтештирип албаган жубайлар арасында юридикалык жоопкерчилик жок. Көпчүлүк келиндер укугун сот аркылуу коргоо аракетин деле көрүшпөйт. Анткени алар укуктук жактан сабатсыз дешет бейөкмөт уюм өкүлдөрү.

“Бир жылда жүздөн ашык келин кайрылды. Бул көрсөткүч акыркы 10 жыл аралыгында көбөйбөсө да азайган жок. Кайрылган аялдардын  баардыгынын  же нике күбөлүгү жок, же балдарынын документи жок. Жардам бергиле, алимент төлөшпөйт, кайненем себимди бербейт деп ыйлашат”,- дейт «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарыйка Асилбекова.

Миграциянын, кенебестиктин айынан акчасы жок аялдар, алиментсиз балдар көбөйүүдө. Миграция бир топ үй-бүлөлөрдүн бузулушуна алып келди деп кошумчалады Асилбекова.

Ал белгилегендей, чет өлкөгө иштегени кеткен эркектер ал жактан башка кыз-келиндер менен баш кошуп алышып, мекенинде калган жубайлары менен үй-бүлөлүк карым-катнашты бузууда. Бейөкмөт уюмдарынын изилдөөсүнө таянсак, ажырашкандардын 30%ын мигранттардын үй-бүлөлөрү түзөт.

«Ак жүрөк» кризисттик борборунун юристи Марина Гайнанова бир нече суроолорубузга жооп берди.

– Нике күбөлүгү жок болсо алимент өндүрүү мүмкүнбү?

– Толугу менен мүмкүн. Ал үчүн нике күбөлүгү жоктор бизге кайрылышсын. Биз юридикалык кеңеш берип, жактоочу жалдап беребиз. Экинчиден, өздөрү деле сотко кайрылып, жолдошу менен бирге түшкөн сүрөттөрү болсо же коңшуларын күбө катары тартып, үйлөнгөнүн далилдесе болот. Андан соң, сот анын күйөөсүнөн алимент өндүрүп берет.

– Үй-бүлөлүк кодексте никеси жок келиндердин укугун коргоо тууралуу жазылганбы?

– Мыйзамга ылайык, нике тууралуу күбөлүгү  жок болсо аялдардын укугун коргоп, алардын алдында милдетин аткарбай жаткан эркектерди жоопко тартса болот. Ал үчүн аялдар юристтер менен кеңешип, сотко кайрылышса болот. Ошентсе да, алимент өндүрүп, үй-мүлктү бөлүштүрүүдө кыйынчылык болбош үчүн ар бир келин өзүнө тың болуп, нике тууралуу күбөлүк алууга аракет кылышы керек.

Ал эми Умида Асилова биздин кеңешибиз менен “Ак жүрөк” кризистик борборуна кайрылып, учурда ага жардам көрсөтүлө баштады.

БУУПӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Жанна Аскарова, Азаттык үнү, Ош, 06.01.2015,
http://vof.kg/?p=29440&lang=kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*