Азима Караева – «Кут кадам» уй бүлө тибиндеги үйүнүн директору: Кароосуз калгандарга чоң таяныч болуп калдык

Улуу муундагы чоң ата чоң энелерибиз айтып калаар эле. Биздин заманда балдарын балдар үйүнө, ата энесин карыялар үйүнө таштап кетиптир деген сөз ушунчалык кулакка суук угулат эле. Ач калса да көпчүлүк бул кадамга бараар эмес деп. Азыр болсо  мындай учурлар кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Турмуштун ар кандай сыноолорун себеп кылып, балдарырын балдар үйүнө тапшырып, ата энелик милдеттен оңой кутулулуп кетип жатат. Бейкүнөө балдар ата эне камкордугунан, мээриминен ажырап калууда. Мындай көрүнүштөрдү азайтуу максатында жакында Кадамжай шаарында «Кут кадам» балдардын убактылуу үй бүлө тибиндеги үйү ачылды. Бул үй  аз камсыз болгон же жакыр үй бүлөлөрдүн  балдарын турмуштун оор кырдаалдарынан чыгып алуусуна жана үй бүлө  жашоо шартын оңдоп алуусуна көмөктөшүп балдарын убактылуу карап берет экен. Биз аталган үйдүн жетекчиси Азима Караева менен маектештик.

Кадамжай районунун  тургуну 35 жаштагы М.Т аттуу айым жолдошу менен баш кошкондон тарта жайлоодо элдин малын багып күн кечирип келишкен. Алар төрт балалуу болгон соң күтүүсүздөн анын жолдошу бир жыл мурун дүйнөдөн кайткан. Жесир калган аял балдары менен жайлоодон айылга келип,барар жери жок, айылдагы сарайлардын биринде жашоо үчүн эч кандай шарты жок жерде жашоого мажбур болот. Жалгыз бой эненин кыйын турмушун көргөн жергиликтүү  бийлик жана социалдык кызматкерлер  аялды балдары менен жаңыдан гана ачылган Кадамжайдагы «Кут кадам» балдар үйүнө жайгаштырды. Учурда бул   үй бүлөгө  Алга айыл өкмөтү  тарабынан жер бөлүнүп, саясий партиялардын бирөөсү  материалдык жардам көргөзүп, жергиликтүү  бийлик уста жалдап аларга турак жай салынууда. Курулуш иши жазга чейин бүтөт. Ага чейин биздин үйдө жашап турушат. Аларга күн сайын үч маал тамак аш, кийим кече менен камсыздадык, аялды болсо пол жуугуч кылып жумушка алганбыз. Учурда айлык маянасын, балдарына жөлөк пул алып жатат. Буюрса жакында өз үйлөрү  бүткөрүлсө көчүп барышат дейт «Кут кадам» үй бүлө тибиндеги үйүнүн директору Азима Караева.

Аталган балдар үйү Социалдык өнүгүү  министрлиги жана «Ар бир балага үй бүлө» коомдук фонду тарабынан  ачылды. Бул жерге кыйын кырдаалга дуушар болгон үй бүлөлөрдүн балдары кабыл алынат.Балдар үйүн ачууга Кадамжай шаардык мэриясы бош турган имаратты бөлүп, оңдоп түзөөдөн өткөрүп берген. Учурда бул жерде 7 бала үч маал ысык тамак ичип,кийим кече менен камсыздалып, тарбияланууда.

«Кут кадам» үйүнүн  ачылуу максаты  үй бүлөлүк шарты оор, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарын, балдар үйүнө  түшүп калуусунун алдын алуу, алардын үй бүлөсүнүн  калыптанышына көмөк көрсөтүү  болуп саналат. Учурда тарбияланып жаткан балдар 6 айдан соң  өз үй бүлөлөрүнө  кайтышат. Ойлондурган бир гана маселе долбоордун 6 айга гана ачылгандыгы болууда.

Анын туруктуу иштеп калуусу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул долбоор эки жылга уланышы мүмкүн дейт  «Ар бир балага үй бүлө» коомдук фондунун түштүк аймагы боюнча жетекчиси Зайнап Эшмуратова.

Долбоордун туруктуу иштеп калуусу үчүн учурда Кадамжай райондук жергиликтүү  кеңештин депутаттары менен  сүйлөшүп жатабыз, 6 айдан соң жергиликтүү  бийлик коммуналдык кызматтардын акысын түлүсү , биз кызматкерлердин маянасы менен калган маселелерди чечмекпиз.

Алты айдан соң  биздин балдар үйүндө  тарбияланып жаткан баланын  үй бүлөлүк  абалы, шартын көрүп жыйынтык чыгарып анан үй бүлөсүнө беребиз. Эгер баланы дагы эле багууга шарты жок болсо,й бүлөлүк шартын жакшыртууга аракет жасабаса анда ата энелердин административдик жоопкерчилигин карайбыз. Балдары болсо туугандык камкордукка алынат же камкорчу үй бүлөлөргө  тийиштүү  укук коргоо органдары менен биргеликте өткөрүп беребиз.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

Чолпон Бердикулова, Баткен таңы, 04.01.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*