Борбор жарандардын укуктарын коргойт

achylysh

КР Юстиция министрлигинин жардамы менен Ош шаарында акысыз юридикалык көмөк көрсөтүү боюнча борбордун ачылышы болду. Ага КР Юстиция министрлигинин нотариалдык жана адвокаттык башкармалыгынын начальниги Марипа Сейдалиева, Ош областы жана Ош шаары боюнча юстиция башкармалыгынын башчысы Арапбай Зияев, Ош шаардык ИИБнын өкүлү Акылбек Алишев, «Сот адилеттүлүгүнө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» долбоорунун эксперти Шарабидин Тайиров, аталган долбоордун адиси Бакыт Кыдыралиева, жергиликтүү соттордун жана укук коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын эксперттери жана юристтери катышты.

Борбордун негизги максаты-жарандарга акысыз юридикалык көмөк көрсөтүү, укуктук маалымдуулукка жетишүү, калктын жардамга муктаж катмарынын укуктук корголушунун деңгээлин жогорулатуу, адилеттикке жетишүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктук, эркиндик жана мыйзамдык кызыкчылыктарынын ишке ашышына көмөктөшүү болуп эсептелет. Акысыз юридикалык жардам укуктук кеңеш берүү түрүндө болот, юридикалык суроолор боюнча оозеки кеңештер аркылуу маалымат менен камсыздап, долбоордук документтерди түзүү боюнча да жардам берилет.

Укуктук адилеттикке жетишүү жөнүндө базалык изилдөө Финляндиянын тышкы иштер министрлиги жана ПРООН тарабынан биргелешип (Чүй жана Ош облустарында) ишке ашырылып жаткан «КРнын сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» боюнча долбоору көрсөткөндөй, калктын аярлуу катмары өздөрүнүн укуктарын пайдаланууда түрдүү тоскоолдуктарга туш болушууда. Көпчүлүгү басынтууга, бөлүп-жарууга, зомбулукка жана экономикалык көз карандылыкка туш болушат.

Жарандардын сот адилеттигине жетишүүсү мамлекеттин укуктук жана демократиялык жактан өнүгүшүнүн баскычын аныктап турган негизги принциптердин бири. Укуктук жардам алуу, укуктук сабаттуулукка, мүмкүнчүлүккө жетишүү сот адилеттүүлүгүнө жетишүүнүн негизги жана маанилүү бөлүгү болуп эсептелмекчи.

Акысыз юридикалык көмөк көрсөтүүнү уюштуруу жана башка документтерди толтуруу боюнча жардам берүү демилгеси БУУ тарабынан кабыл алынган. БУУнун принциптеринде жана жетекчилик позициясында юридикалык көмөк –бул башка бардык укуктарды ишке ашыруунун негизи. Башкача айтканда, таза, адилет соттук тескөө, акыйкаттык жана адилеттикке коомчулуктун ишенүүсү-маанилүү гарантия. «КРда укуктук адилеттикке жетишүү» долбоорунун чектеринде КР Юстиция министрлиги аркылуу Чүй облусунда үч борбор ачылды. Ошондой эле (Токмок шаарында, Беловодское айылында жана Бишкек шаарында) Ош облусунун Ош жана Кара-Суу шаарларында дагы борборлор ачылды жана кийинки жылы да ушундай борборлорду ачуу пландаштырылууда.

Бул борборлор жарандардын укуктары бузулган учурда көмөктөшөт жана калктын ар кандай юридикалык маалыматка ээ болуусуна шарт түзөт. Ошондой эле калктын аярлуу катмарына маалымат жайылтуу аркылуу укуктук маалымат алуусуна ыңгайлуу шарт түзүлөт, жарандардын укуктары бузулганда аларды коргоого алат жана калктын укуктук маалымат алуусуна жана укуктук сабаттуулугун жогорулатууга көмөктөшөт.

Марипа Сейдалиева борборлордо жарандарга акысыз юридикалык кеңештерди берүүнүн бардык шарттары түзүлгөндүгүн айтты. Борборлор интернет байланышы менен камсыздалгандыгын белгиледи. Жогоруда белгиленген жер-жерлерге ачылган акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлорго жарандар келип кайрылуудан тышкары укукту коргоо боюнча бардык суроолорду скайп аркылуу беришип жана жоопторду алышат. Скайп-конференция аркылуу квалификациялуу юристтер жарандарга жеткиликтүү юридикалык кеңештерди беришет. Анын айтымында калкка акысыз юирикалык жардам берүү жана алардын юридикалык билимин жогорулатуу максатында кийинки жылы да мындай борборлорду ачуу иши улантылат.

Ал эми Арапбай Зияев мындай борборлор өз учурунда ачылганын айтып, борборлорго кайрылгандардын саны көбөйгөнүн билдирди.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

К.Кыдыралиева, Сүрөтүн тарткан: Б.Айдаркулов, Ош жаңырыгы, 12.12.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*