Ар бир бала билим алууга укуктуу

bilim

Акыркы учурда кѳпчүлүк жаш балдар мектепке барып таалим алгандын ордуна, базарларда кара жумуш менен алек болуп келишет. Айрымдары каражаттын тартыштыгынан окубай калганын айтса, кээ бирлери мектепке таанышы жок кирүүгө мүмкүн эместигин белгилейт. Бирок алар билим алууга укугу бар экенин, укугун кантип коргосо болорун билишпейт.

Нурбек 11 жашта. Ош базарында мѳмѳ-жемиш сатып иштейт. Айылдан Бишкекке келгенден бери мектепке кире албай убара тартып келет:

— Мен Жайыл районундагы Беш-Терек айылында жашап, ошол жакта окучумун. Бул жакка апама жардам берем деп келгем. Апам базарда иштейт. Окууну жакшы кѳрѳм. Мен шаарда да, айылда да окудум. Айылда окуган жакшы. Мугалимдер окуучуларды катуу кармашат. А шаарда андай эмес.Азыр апам мени мектепке киргизе албай жүрөт.Бүгүн дагы мени окууга ѳткѳрѳм деп, бир мектепке комиссиялар менен сүйлѳшкөнү кеткен.

Сайрагүл, соодагер: “Эки кызым окубай калды”

– Ѳзүм Жалал-Абаддан келгем. Менин эки кызым окубай калды. Экѳѳ 5-6-класста окушмак. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» деген сѳз бар эмеспи. Мен деле эл катары кыздарымды-балдарымды окутсам деген тилек бар. Бирок шаарда жашоо такыр башкача тура. Кайда барба, акча сурашат. Эки жыл мурун кыздарымды окутуу максатында бир гимназияга  баргам. Ар бир кызыма 3000 сом сурашты. Андай акча кайдан? Жолдошумда каза болуп калган. Жалгыз боймун. Тапканыбыз батирге, жеп-ичкенибизге араң жетет. Айла жок, анан Бишкектеги №8 мектепке бардым. Алар 1500 сом сурашты. Айласыздан берип киргиздим. Жыл аягында мени мектепке чакырышыптыр. Барсам, биз мектепке 9000 сомдой карыз экенбиз. Аны тѳлѳп, ѳз колум менен арыз жазып, кыздарымды окуудан чыгарып алдым. Булардын бутуна тапсам, башына жок, башына тапсам, курткасы жок. Анан мектепке ошончо акча короткондон кѳрѳ деп ѳзүмүнжаныма алып келип алдым. Быйыл окубай калды. 1-2-класстарында айылда окушкан. Мынчалык акча кеткен эмес. Балам деле айылдан бүттү. Тыйын деле кетпеди. Жакында буларды кайра Жалал-Абадга жиберем. Ошол жактан окуусун улантышсын. А мен Россияга барып иштеп келейин деп жатам. Балдар үчүн аракет кылып жашап жүрбѳйбүзбү.

Назгүл Турдубекова, Балдарды коргоо лигасынынжетекчиси: “600 долларга чейин талап кылышат”

– Бүгүнкү күнү социалдык жана экономикалык шартына жараша балдар мектепке барбай, күнүмдүк жашоосуна каражат табуу максатында кара жумуш менен алек болуп жатышат. Албетте, бул алардын ден соолугуна кооптуу.

Бир мисал айта кетейин. Ѳткѳндѳ Ош областында кѳмүр казуучу шахталарынын биринде кѳмүр кѳчүп, ошол жерде иштеген окуучу балдарды басып калган. Натыйжада 2 баланын ѳмүрү кыйылган. Шахта менчик болгондуктан, аны иштеткен адамдар жоопко тартылган эмес. Бийлик тарап жаңы мыйзам киргизсе жакшы болоор эле. Себеби кайсы бир бала бир жумушта иштеп, денсоолугуна залалы тийсе, андай учурларда жумуш берүүчүлөр жоопко тартылбай келет. Жаштарга ѳкмѳт жетишээрлик деңгээлде кѳңүл бурбай келет.

Балдардын окубай калышына ата-энелер да күнѳөлүү. Бул дүйнѳлүк тажрыйбада да бар. Жумуш менен алек болуп жүргѳн жаш балдарга ата-эне кѳңүл деле бурушпайт. Алар ач калышат, курсагы жарытаарлык тойбойт. Анан дагы алар чоңдор аткара турган оор жумуштарды, бойлору кичине, колдору ичке болсо да, аткара беришет. Алар ѳз ден соолугуна коркунуч келип жатканын билишпейт. Ата-энелер да кош кѳңүл болуп, же балдардын эмгегин туура эмес пайдаланып жатышат. Ѳкмѳт тарап муну кѳзѳмѳлгѳ алышы зарыл. Аткени ата-эне ѳздѳрү иштебей, балдарын базарга чыгарып иштетишип, тапкан акчасына тамак-аш жана арак да алган учурлар кѳп эле.

– Окуталы десе мектептер албай коюп жатыптыр, бул учурда кимге кайрылуу керек?

– Балдардын окубай калышына кээде мектептер да себепкер болуп калууда. Кыргыз Республикасынын Конституциясында ар бир бала мектепте бекер билим алууга укуктуу деп жазылган. Бирок азыркы тапта, мыйзамды аттап ѳтүп, укук бузуулар кѳп болууда. Мектеп которуп, башка мектепке кирерде, мектеп тарап олчойгон сумманы талап кылат. Ал акча 5000 миң сомдон 600 долларга чейин. Бул сумма жылдан-жылга кѳтѳрүлүүдѳ. Эгерде бизге кайрылган болсо, биз министрликти аралаштырып чечип берүүгѳ аракет кылабыз. Бирок бизге кайрылбагандар канча?

Биздин уюм 4 жылдан бери «Биздин баланы мектепке ал» деген акция ѳткѳрүп келет. Студенттерди чакырып, аларга үйрѳтѳбүз. Андан соң алар жаш балдардын кандай укуктары бар экендиги жѳнүндѳ маалымат беришет. Мектепке ѳтѳ албай калган балдарды колунан жетелеп, Билим министрлигине чейин алып барышып, колдон келген бардык мүмкүнчүлүктѳрдү пайдаланышып, аларды  мектепке алдырууга аракет кылышат.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда окубай калгандардын саны 80 миңге жакын. Эгерде алар таалим-тарбия албай, акчанын артынан жүрүшсѳ, анда келечегибизге кедергисин тийгизиши мүмкүн.

Маалымат үчүн

Урматтуу окурман, сиздин балаңызды мектепке алуудан баш тартып жатышса, анда “Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы” уюмуна 0312 66 25 87, 0312 90 86 18 номерлерине чалсаңыз болот.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Майсалбек Курбаналиев, Полит Клиника, 10.12.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*