Караколдо кризистик борбор ачылды

Аны ачуу аземинде чыгып сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын эмгек жана соцалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев бул борбор республикада ачылган кризистик борборлордун 55-си болуп калгандыгын айтты. Чындыгында эле акыркы учурларда зордук-зомбулукка кабылуу, ар кандай майыптык алуу, анын натыйжасында үй-жайынан ажыроо, көчөгө тентип кетүү, кайыр сурап калуу, психикалык жактан жардамга муктаж болуу сыяктуу көйгөйлөр көп кездешип жатат. Мына ошондон улам аларды кризистик борборлорго алып келип жардам көрсөтүү өзүнүн оң жактарын гана берүүдө. Караколдогу бул борбор болсо 6 орунга эсептелген.

Ал эми республика боюнча турмуш-щарты тартыш 300 балага жөлөк пул төлөнүп берилүүдө. Мындай жардамдардан дагы 97 үй-бүлө пайдаланат. Жалпы жонунан мына ушул сыяктуу чыгымдарга 6,5 миллион сом акча каражаты жумшалат. Акыркы 1,5 ай ичинде министрликтин жер-жерлердеги кызматкерлери өлкө боюнча 657 мигранттардын балдарынын турмуш-шарты, мектептерге келүүсү, тамак-аш, кийим-кечек менен касыз болуусу, ошондой эле кимдер тарабынан багылып жаткандыгы аныкталып чыкты. Эми алардын арасынан жардамга муктаж жаш жеткинчектерге дагы жардамдар көрсөтүлмөкчү.

Кабар

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*