«Жер тилке алып, өзүнчө жашоо менин тилегим»

«Быйыл 27 жаштамын Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужун айылынын тургунумун. Мындан 5 жыл мурда жумуштун жоктугунан улам Москва шаарына жумуш издеп барып, курулушка ишке жайгаштым. Күндөрдүн биринде каргашалуу окуя болуп бүт жашоомду караңгылатты. Көп кабаттуу курулуш жүрүп жаткан курулуштан кулап кетип омурткам сынып кетип түбөлүккө майып болуп коляскада калдым. Көптөгөн дарыгерлерге көрүндүм бирок жыйынтык чыкпады. Кырчындай мезгилимде ушинтип калганыма өкүнөм, айла канча тагдырга баш ийбеске арга жок, ошондой болсо дагы ушунусуна шүгүр кылам.

Алдыда кандай гана максаттарым, үмүт тилектерим бар эле, алардын баары бир күндө жокко чыкты. Кээде, эмне жазыгым бар эле, эмнеге деп түбү жок суроолор менен өзүмдү-өзүм жемелеп калам, анан аман калганыма тобо кылып, шүгүр кылам. Ооба, бүгүн эртеңки күнүң кандай экенин билбейсиң. Апам байкушта тагдырдын жазганына ынанып мени карап үйдөн чыкпайт. Үйдөн чоң бала болгондуктан жер тилке алып үй салып өзүнчө жашоо түзүү максаттырым бар эле. Эми аларды кантип качан ишке ашырам? Мамлекет тарабынанда жакшы жардамдар көрсөтүлүп келет. Ай сайын пенсия берилет. Алган пенсиямды күнүмдүк жашоого сарптап арттыра албайбыз. Эми бир гана үмүтүм мамлекетте. Мамлекет баарын каржылап баарына өз жардамын көрсөтүп келет, ошолордун катарында мага өз максаттырымды ишке ашырууда жардамдарын аябай колдоо көрсөтүүлөрүн суранат элем. Айыл өкмөттүн да жер берүү үчүн өзүнүн жол жобосу болсо керек, бирок ошонун жол жобосун издегени ата-энем да менден чыга алышпайт»,-дейт Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужун айылынын тургуну Жалалидин уулу Ж.

Жер тилке алуу максатында тийиштүү жерлерге кайрылып көрдүңүз беле, же майып болуп калганга чейин жер тилке алганбы? деген суроо менен каарманыбыздын апасына кайрылдык:

«Чындыгында ушул күнгө чейин эч жерге кайрылып да көрбөдүк баламды жалгыз калтырып чыга албаймда. Силердин гезитиңерде рубрика ачылганын угуп эле гезитиңерге кайрылдым. Балам мынтип баспай калды, эртеден кечке баламды карап анын ден-соолугу үчүн кам көрүп, баламды жалгыз калтырып чыга албаймда»,-дейт каарманыбыздын апасы Кансулуу эже

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мүмкүнчүлүгү чектелгендиги үчүн жер алуу укугу барбы? деген суроо менен тийиштүү мекемелерге кайрылып көрдүк.

Социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Нурлан Аиповдун айтымында бүгүнкү кундө жер тартыштыгы негизги маселелердин бири болгондууктан майыптыгы үчүн жер берилсин деген мыйзам жок. Эгерде жарандын жашаган айыл өкмөтүнүн мүмкүнчүлүгү болсо гана, айыл өкмөттүн эсесебиндеги жерден берсе болот деп кошумчалады.

КР акыйкатчысынын инспектору Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кубаныч Курбанбековдун айтымында,«КРнын мыйзамында жер алуу укугу боюнча жарандар теў укуктуу, бирок мыйзамда майыптыгы үчүн жер алуу жөнүндө мыйзам жок. Жер маселеси боюнча арыз менен жарандар көп кайрылат, аларга мыйзамдын негизинде жооп берип келебиз. Ар бир жаран бир жолу гана жер алууга укуктуу. Жогорудагы жарандын тагдыры жөнүндө токтолсок: Эгерде бул жаран жер алган эмес болсо, айыл өкмөткө арыз менен кошо өзүнүн майыптыгы жөнүндөгү көрсөтмөсүн да берүүсү керек. Айыл өкмөт арыздын жообуна катталган номерин көрсөтүп, арызга бир айдын ичинде жооп берет. Өкмөттүн жер бөлүштүрү комиссиясы анын мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен башкалардан айырмалантып токтоосуз жер берүү жөнүндө чечим чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бул жаран бизгеда арыз менен кайрылсын. Ошондо гана, анын айыл өкмөткө жазган арызынын мыйзамдуу чечилүүсүнө кийлигишүүгө мүмкүнгчүлүгү түзүлөт».

kansuluu_ejeКара-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Кайры Асланова төмөнкүлөргө токтолду: “Ооба бул жаранга жыл сайын айыл өкмөт тарабынан моралдык жана материалдык жардамдар көрсөтүлүп турат. Бизге жер участкасынын жоктугу туурасында кайрылышкан эмес. Ошол себептен бул тууралуу малыматыбыз жок экен. Бизге өз арызы менен кайрылсын 5 айдын аралыгында жер бөлүштүрүү иштери башталат. Ошол убака чейин арыз менен кайрылып койсун, анын абалын эске алуу менен сөзсүз түрдө жер тилкесин беребиз. Мындан ары да материалдык колдоолорду көрсөтө бермекчибиз”,-деп кошумчалады.

Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министирлигинин “КРда сотадилеттигине мүмкүнчүлүктү кеўейтүү” жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу макасатында укуктун укуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Айпери Сапарбаева, “Кызыл Туу”

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*