“SMS-баа” ата-энелерден акча кымыруунун жолубу?

smsbaa

Бишкектеги айрым мектептерде  “SMS-баа” үчүн ай сайын каражат топтолуп жаткандыгы тууралуу бизге ата-энелердин бири  кайрылган эле. Бул нерсени мектеп жетекчилиги ата-энелерге “балдарыңардын күнүмдүк алган баасын силердин телефонуңарга жөнөтүп турабыз” деп түшүндүрүшкөн. Дегеле мектептердеги “SMS-баа” деген кызмат эмне жана ал үчүн ата-энелерден акча чогултуу мыйзамдуубу?

Күндөлүктүн кереги барбы?

Айпери Кулмуратованын (Аты-жөнү өзгөртүлдү) кызы шаарыбыздагы №69 мектепте окуйт. Ал ай сайын кызына “SMS-баа” кызматы үчүн мектеп талап кылган каражатты, тагыраак айтканда, 250 сомдон берип турат.

— Менин кызым 8-класста окуйт. Өзү окууда ийгиликтүү. Мен дайыма ата-энелер чогулушуна калтырбай барам, анан бул нерсени мектеп жетекчилигин жамандайын деп айткан жокмун. Бирок бааларды SMS аркылуу жөнөтүшсө, анда окуучунун күндөлүгү кандай кызмат аткарат? Кызымдын колуна ай сайын SMS-баа үчүн 250 сом берем, ал барып класс жетекчисине берет. Класстагы ар бир баладан ушундай суммадагы каражат жыйналат. Ал билдирүүлөр уюлдук телефонго бирде келсе, бирде келбейт. Эсептеп көрсөк, ай сайын 250 сомдук SMS билдирүү жиберилбейт экен.

Мектеп жетекчилиги эмне дейт?

Биз бул маалыматты тактоо үчүн №69 мектептин жетекчилигине байланыштык. Директору менен байланышуу мүмкүн болбогондуктан, бул тууралуу түшүндүрмөнү окуу бөлүм башчысы Жыпара Муратова берди:

— Бул нерсе биздин эле мектепте эмес, Бишкектеги бир катар мектептерде бар. «SMS-баа” негизинен балдарды тыкыр көзөмөлдөө үчүн керек. Билдирүү аркылуу бир гана окуучунун баасы эмес, мугалимдердин кулактандыруулары, эскертүүлөрү да жөнөтүлөт. Көбүнчө билим сапаты начар, тартип бузган, ата-энеси чогулушка келбеген балдарга колдонулат. Жиберилген маалыматтар ата-эненин уюлдук телефонунда жана биздин архивде бир жылга чейин сакталат. Бир SMSтин баасы беш сомду түзөт.

SMS-баа үчүн чогултулган каражат 100 сомдон ашпашы керек

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде бул кызмат боюнча долбоор каралып, шаардагы айрым мектептерге киргизилген. Министрликтин басма сөз кызматынын билдиргенине таянсак, №69 мектеп менен “Билим берүү инновацияларынын борбору” ЖЧКсынын ортосунда келишим түзүлүп, SMS-баа боюнча долбоор иштелип чыккан. Бирок кызмат баасы 100 сомдон ашпашы керек жана ал мугалимдердин колуна берилбей, шаардагы атайын терминалдар аркылуу төлөнүшү керек болчу. Анан дагы ата-энелер өз каалоолору менен гана бул кызматтан пайдалана алышат, мажбурлоого эч кимдин акысы жок. Аны менен катар эле Билим берүү министрлигинин берген маалыматы боюнча, биздин каарманыбыздын кызы окуган класста болгону 5 бала бул кызматтан пайдаланууга жазылган. Бирок кызы ошол мектепте окуган Айпери Кулмуратованын айтымында, класстын окуучуларынын баары ай сайын 250 сомдон чогултушат.

“Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды”.

Мунара Кадырдин кызы, Полит Клиника, 12.11.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*