Социалдык өнүгүү министрлиги: “Майыптык коляскаларга муктаж жарандар министрликке кайрылуулары керек”

kolyaska

Буга чейин ден соолугу чектелген жарандарга майыптык коляскаларды өз убагында берүү маселесинде көйгөй жаралып келген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Болотова билдирди.

Анын айтымында, мындан мурда ден соолугу чектелген жарандардын майыптык коляскалары чет мамлекеттерден алынып келинчү. Акыркы жылдары бул маселе чечилип, Социалдык өнүгүү министрлигинин сунушу менен Кыргызстандагы протездик буюмдарды жасоочу заводдон майыптык коляскалар керектүү санда жасалып чыгарылууда.

“Майыптык коляскага зарыл адамдар Социалдык өнүгүү министрлигине кайрылуулары керек. Министрлик коляскаларды эле эмес, майыптарга керектүү буюмдарды, жабдууларды да жасап чыгарууну, зарыл болсо чет мамлекеттерден да алып келүүнү колго алып, бул максатта эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташууда. Социалдык жардамдарды көрсөтүү маселеси дайыма министрликтин көңүл борборунда турат”-деди ал.

Эскерте кетсек, ден соолугу чектелген жарандар майыптык коляскаларга муктаж экендиги, майыптык колясканы алыш үчүн кайда кайрылуу керектиги жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган.

Кабар

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*