Балдарга карата кылмыштарга жазаны күчөтүү сунушталууда

baldar

Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында өкмөттүн программасын талкуулоо учурунда “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев айтып чыкты. Ал балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерге мунапыс берилбеши керек, деген сунушун билдирди.

ИИМдин маалыматына караганда, балдарга карата жасалган сексуалдык кылмыштар акыркы жылдары 10% өскөн. Статистикалык маалымат боюнча, 2011-жылы 83 факт катталса, 2014-жылы андай кылмыштар 140ка жеткен.

Көйгөйдү алдын-алуу боюнча прокуратура органдары ишти күчөтүүдө. Соңку үч айда алар жогорку окуу жайларда жаштар, студенттер менен жолугуп, балдардын укуктары, ага байланыштуу жазалар тууралуу маалымат берүүдө.

Азаттык

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*