Же алименттен, же үлүш жерден жок ара жолдо калган Жибек

Айрым аялдар күйөөсүнүн сабаган кордугуна деле чыдап, балдары үчүн үй-бүлөсүн сактап, чыдап жашай берүүгө мажбур болушат. Кээ бирлери чыдабай ажырашып тынышат. Жибек Алымбекова (белгилүү себептер менен аты-жөнү өзгөртүлдү) далай жолу бети-башы көгөргүчө күйөөсүнөн токмок жеп жашап келген. Акыры эки уулу менен ажырашып кеткен, бирок же алименттен, же балдарына бөлүнгөн жер үлүшүнөн жок жүрө берген. Анда бул тууралуу өз оозунан угалы.

– Менин балалыгым Ысык-Көлдө өттү. Окудум, жогорку билимдүү болдум. Тагдыр экен, өз каалоом менен эмес, ар кимдердин ортого түшкөнү менен билимсиз адам менен 1991-жылы турмуш курдум. Ал үйдүн кичүү баласы эле, бирок биз ата-энесинен бөлөк жашачубуз, Каракол шаарынан сатып алган өзүбүздүн эки бөлмөлүү үйүбүз бар эле. Алгач дурус эле жашап жаттык. Кызганычтан улам кол көтөрсө да, кээде бир аз дурусураак жасаган мамилесине жаштыктан, турмушума каниет кылып, бир канча жылдарды өткөрүп жибериптирмин. Ыйлай-сыктай эки уулдууболдум. Күйөөм сырттан келатканда эле бүткөн боюм титиреп, нервим бузулуп, жүрөгүм опкоолжуп, жүрөгүм түшүп калчу. Убакыт өткөн сайын аёосуз сабап, «Каякка кетесиң, кете албайсың, барар жериң жок» деген сөздөрдү беш маал кайталай берчү. Кээде биз жакшы эле тойго барабыз, үйгө келгенде эле сабайт. Балдарды уктатып туруп, эшик-терезелерди бекитип алып сабайт. Мени маңдайына отургузуп алып чачымдан сүйрөп, чачымды бакка байлап алып сабайт. Конокко барганда бирөө күлүп койсо деле ошону шылтоолопсабайт. Сабаганы үчүн кечирим да сурап койбойт. Үйүбүзгө күйөөм жокто анын достору же менин жезделерим келип калган күнү бизде кадимкидей согуш болот. «Булар сага келип жатышат да» деп ызы-чуу салат. Күйөөмдүн мындай кызганчаактыгын билген жакындарыбыз бара-бара биздин үйгө келбей калышкан.

Тунубуз Ринат 1993-жылы төрөлгөндө «Бул кимдин уулу? Меники эмес го» деп чаң салган эле. Экинчи уулубуз Мурат 1995-жылы төрөлдү. Мурат атасына куюп койгондой окшош болгондуктан, «бул кимдин баласы» деген сыяктуу сөздөрдү айткан жок. Бирок Ринатты дайыма «менин балам эмес» дегенчелик кылып, өгөйсүнтө берчү.

«Балдарымды алып кетип калдым»

– Айтор, күйөөмдүн миң түркүн кылыктары бар, майда-чүйдөсүн айтпай эле коеюн. Акыркы жолу курбум менен күйөөсүн үйгө конокко чакырып келген. Ал күнү алар биздин үйдө калып калышты. Алар уктагандан кийин эшикке чыгарып алып «сен курбу кызыңдын күйөөсү менен болупсуң» деп чачымдан жулуп, бетке тепкилеп сабады. Эртеси бетимден тамтык жок, башым оорлоп калган экен. Менин бул кебетемди көргөн курбум менен жолдошу эмне дээрин билбей эле коштошуп кете беришти. Жогоруда айтып кеткендей, мурда деле көп кордукту көргөм, бирок мунусуна чыдай албадым. Балдарым үчүн өзүм кечирип жашап келгем. «Чөгөлөп кечирим сура» дечү, мен ошентчүмүн. Жасабаган күнөөм үчүн кечирим сурачумун. Бул жолу эртең менен жумушка эрте кетип калган экен. Ал үйдө жоктугунан пайдаланып оокаттарымды чогултуп, балдарымды алып эжемдикине кетип калдым.

«Жер үлүшүбүздү да, алимент да бөлдүрүп алган жокмун»

– Күйөөм экөөбүздүн ортобузда нике күбөлүгүбүз бар болчу. Андан улам эжем «эки балаңа алимент кестирип ал, кантсе да ал балдарыңдын атасы да. Бир аз да болсо каралашып турсун. Жалгыз бой болуп эки баланы чоңойтуш кыйын» деп айткан. Күйөөм, кайнене, кайнежелерим «ортоңордо эки бала турат,ошолор үчүн жашагыла” деп келип жүрүштү. Бирок менин көңүлүм калып калгандыктанбы, айтор,күйөөмдүн «кайра жашайлы» деген сөзүнө макул болгон жокмун, ажырашып, балдарыма алимент кестирип аларымды билдирдим. Аны уккан неме чалкасынан кетип, мени ошол жерден эле «Демек сен башканы таап алдың да. Балдар да ошол ойношуңдан болсо керек? Мен аларга эч кандай алимент төлөбөйм. Аларга дыйкан чарбадан бөлүнгөн жер үлүшүнөн да бербейм» деп баса калып сабады. Акыры айлам түгөнгөндө, эки баламды алып Бишкекке кетип калдым. Ооба, дыйкан чарбадан балдарыма жана мага тиешелүү бөлүнгөн жер бар болчу. Бирок аны да талашкан жокмун, алимент да кестирип албадым. Ал үчүн каякка чуркоо керектигин билген жокмун. Бишкекке келген бойдон аны көргөн да жокмун. Кудайга шүгүр, эки балам эстүү болуп чоңоюп калышты.

 

Асел АСАНАЛИЕВА, «Сезим» кризистик борборунун юристи: «Мүлкүн сот аркылуу тең экиге бөлдүрүп алса болот»

– Акыркы убакта аялы күйөөсүн укпай, күйөөсү аялын сыйлабай, анын айынан ажырашып кеткен түгөйлөр көбөйүп барат. Алардын басымдуу бөлүгү жарандык никеде жашап жүргөнү жашыруун эмес. Негизи ортодогу мамилени мыйзамдаштырып, нике күбөлүгүн алуу көп чыгым талап кылбаган эле процесс. Никеге туруу аялдар үчүн көп жагынан утуш алып келет.

  • Түгөйлөр баш кошкондон бери жыйнаган мүлктөрүн ажырашкандан кийин тең экиге сот аркылуу бөлдүрүп ала алышат. Андан сырткары, атасы балдарына алимент төлөп турууга милдеттүү.
  • Айрымдар 10-20 жыл чогуу жашап, кийин ажырашып кетишсе, ошончо жылга чейин расмий каттоодон өткөн эмес болушат. Ошол учурда он жылдан бери жыйган-терген мүлкүн бөлүштүрүү оорчулук жаратат. Анткени кээ бир эркектер башында мүлктү өз наамына каттатып алышат да, «бул байлыкты жалгыз тапкам» деп чыгышат. Ал эми он жыл бою анын кийимин жууп, тамагын жасап отурган аялдын эмгеги эсептелбей калат.
  • Эгерде үйлөнгөнгө чейин эркек үй, машина алган болсо, ал байлыкка аял кол сала албайт. Анткени турмуш курганга чейинки эркектин тапкан байлыгы «жубайлар биргелешип тапкан» байлык болуп саналбайт. .
  • Эгерде түгөйлөр биргелешип тапкан мүлкүн башка бирөөгө каттатып койгон болсо, ажырашып атканда аял, биринчиден, ал мүлктү чогуу тапкандыгын далилдеп бериши керек. Андан соң мүлктүн элүү пайызын сот аркылуу бөлдүрүп ала алат. Жер үлүшү дагы ушул жакка кошулат, аял өзүнө, балдарына тиешелүү бөлүгүн ала алат.

Алимент маселеси кандай каралат?

– Алимент күйөөсүнүн тапкан каражатына жараша төлөнөт. Мисалы, он миң сом айлык алса, эки балага кырк пайызга жакын акчасын бериш керек. Алиментти 50%дан жогору кестирип алууга мүмкүн эмес. Жарандык никенин дагы бир кооптуу жагын айта кетейин. Кокус жолдошу кырсыктап каза болсо, буга чейинки жубайлар чогулткан мүлккө туугандары ээлик кыла баштайт. Аял өз алдынча жыйган-терген мүлкүн иштете албай, кайын-журту менен соттошкон учурлар азыр арбын.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу» долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, «Полит Клиника», 22.10.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*