Айылдагы аялдардын эмгеги

Women work a cotton field outside of Osh, July 2011. (David Trilling)

Аялзаты илгертен үй-бүлө очогун булатып, өчүрбөй келет. Бул анын ыйык милдети. Муундан-мунга замандын өзгөрүшүнө жараша аялзатынын жүгү жеңилдегени менен анын негизги иши-бала багуу, эрезеге жеткирүү, туура тарбия берүү ошол бойдон калды десек жаңылышпайбыз.

Белгилей кетсек, гендердик теңчиликке жеттик дегенибиз менен үй-бүлө жүгү көбүнөсе аялзатынын колунда экендиги талашсыз. Туура, чет мамлекеттеринде менталитет да башка, аялзаты менен эркек адамдын тарткан түйшүгү да башка. Анткени цивилазациялуу өлкөлөрдө өнүгүү алда канча алдыга кеткен эмеспи.

Биздин өрүшү кенен, жери сулуу Ала-Тоолуу аймагыбызда, статистикага ылайык, учурда айыл жергесинде калкыбыздын 60 пайыздан ашууну турмуш кечирүүдө. Демек, элетте көпчүлүк аялдарыбыз жашап жана иштешет.

Союз жоюлгандан кийин колхоз-совхоздор жоюлуп, жер аянттары үлүшкө бөлүнүп берилди. Ар бир үй-бүлө өзүнүн жеке менчик жер аянтына ээ болду. Фермердик жана дыйкан чарбалары өсүп чыкты. Айылдык аялдарда канчалаган фермерлер чыгып, айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн үстүнөн иштеп жатышат.

Негизинен айылдык аялдардын эмгеги күч. Себеби, алар үй жумушун да аткарышат, эгин талааларда да иштешет. Биз Ош областынын жашоочусу Айбашева Алтынбүнүн ((респонденттин каалоосу менен ысымы өзгөртүлдү). мисалында айылдагы аялдардын эмгенине токтолобуз. Анын айтымында 5 кыз, 2 уулу бар. Үй-бүлөсү менен үлүш жерин иштетишет. Үлүш жерине жыл сайын пахта, күн карама, жүгөрү, капуста, пияз, сарымсак жана күрүч эгишет. Аракетин көрүп, жайы менен эккен эгиндери түшүмдүү болушуна камкордук көрүшөт. Убагында суу коюп, минералдык жер семирткичтерин чачып, зыянкечтерден дарылашат. Жылда күзүндө алган түшүмү жаман эмес экендигин айтат.

Талаага эгин эккенден тышкары короосунда малы, койлору, тооктору да бар. Там арка жерине да жегилик помидор, бадыраң, болгар калемпири ж.б. жашылча-жемиштерин эгишет. Эшик алдында багы да бар. Алмадан тартып, бадамга чейин эгишкен, түшүмү жакшы болот. Кышка карата консервацияны жалаң эшик алдына өздөрү эккен жашылча-жемиштерден даярдашат.

Алтынбү үй-бүлөсү менен мунун эле чектелип калбайт. Кол арада базарга да чыгып, соода иштери менен алектенет. Жер-жемиш алып, соода жүргүзөт. Мындан да өзүнчө киреше табат. Албетте, ага жубайы да баш болуп, балдары баары жардамдашат.

Айта кете турган нерсе, чарбалык иштери жүргүзүүгө Алтынбү Айбашева тиешелүү банктан жыл сайын кредит да алат. Алган кредитин өз убагында төлөп, банктын ишенимине кирген кадырлуу кардарлардын бирине айланды.

Бул үй-бүлө кыздарын күйөөгө узатып, балдарын үйлөп, неберелүү болушуптур. Үйүндө неберелерин да тарбиялайт. Балдар, кыздары да элетте жашашып, өз кесиби менен катары айыл-чарбачылык иштери колго алышкан.

Жогоруда каарманыбыз Алтынбүнүн эмгегине, жашоосуна айылдагы көпчүлүк эле аялдардын эмгектенүүсү, жашоосу окшош. Көрүнүп тургандай, айылдагы аялдардын эмгеги канчалык түйшүктүү. Аялзаты үчүн канчалаган эмгек жасоо керектиги даана байкалып турбайбы. Маселен биздин каарманыбыздын эмгеги: үй-бүлө күтүүдөн, бала тарбиялоодон, үй жумушун жасоодон, эгин талааларында иштөөдөн, соода ишин жасоодон турат. Албетте, эмгек адам баласын даңазалайт деп айтабыз. Бирок, коомубузда аялзаты үчүн канчалык камкордуктар көрүлгөнүн баарыбыз эле билебиз.

«Эл эмгегин жер жебейт» дейт. Анын сыңары айылдагы аялдардын түмөн түйшүгүнүн артынан жергебизде жөнөкөй, кадимки жашообуз алын келет.

Ал эми бийик тоолуу райондорубуздун айылдарындагы аялдарыбыз жай мезгилдеринде абасы салкын жайлоолорубузга чыгышып, сүт саап, кымыз, айран, май, каймак, сүзмө, куруттарды жасашып, улуттун сыймыгы болгон бул азык-оокаттарды камсыздашат.

Дагы кошумчаласак, биздин өлкөбүздө айылда аялзаты кайсыл адистиктин ээси болбосун өз кесибинде эмгектенүүдөн тышкары жогоруда көрсөтүлгөн эмгектерди жасайт.Көрүнүп тургандай, айылдардагы аялдардын эмгеги ардактуу да, түйшүктүү да, сыймыктуу да. Алардын эмгеги менен жашоо уланып келет. Анткени, аялдардын эне болу, энелик милдетти аткаруу деген эң сыймыктуу эмгеги бар.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

К.Кыдыралиева, Ош жаңырыгы, 03.10.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*