«Кызымды сарайда, жер төлөдө, дааратканада зордукташыптыр»

Эки жыл бою айылдаш балдардан сексуалдык зомбулук көрүп келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жаштагы кыз Сокулук районунда жашайт. Жабырлануучунун апасынын айтымында, кыз коркутуп-үркүтүүдөн улам окуяны эки жыл бою эч кимге айтпай жашырып келген.

«ООРУСУНАН УЛАМ ЖАТАК МЕКТЕПКЕ КОТОРГОНБУЗ»

Айдананын (белгилүү себептерден улам каармандардын аты өзгөртүлдү) апасы Бактыгүл окуя тууралуу буларды айтат:

– Кызым учурда 15 жашта. Бул тозок мындан 2 жыл мурун эле башталыптыр. Буга чейин«апа, мени багып алдыӊар беле?»деп сураган. Көрсө, ошондо кызымды балдар«Сени багып алышкан. Апаӊа сени зордуктап жүргөнүбүздү айтсаӊ, өзүӊдү үйүӊдөн кууп жиберет, айтпагын!» деп коркутуп кыйнап жүрүшкөн тура.

2000-жылы 4 уулума карындаш болсун деп Айдананы багып алгам. Жаӊы-Жердеги мектепке киргиздик. 2-класс болгондо ылдам эле толуп, дене-мүчөсүндө өзгөрүү пайда болду. Доктурга алып барсак, богок, муун оорулары(ревматизм)менен жабыркаарын айтып, жүрөгүнө да доо кетип жатканын билдиришти. Классташтарынан артта калып, өзгөргөн мүчөсүнөн да корундубу, айтор, мүнөзү оорлошуп, Петровка айылындагы жатак мектепке которууга аргасыз болдук.

 apasy

«ТЕЛЕФОНГО ТАРТЫП, ЖАРНАМАЛАПТЫР»

– Эӊ алгач кызымды 2013-жылы зордукташыптыр. Дүкөнгө чыгып, кайра келе жатса Рысбай деген бала үйдүн жанындагы ээн жер төлөгө алып кирип, күч колдонуп зордуктап салыптыр. Анан«Апаӊа айтсаӊ өзүӊ эле уят болосуӊ. Сени алар багып алышкан. Мени менен катнашта жүргөнүӊдү билсе үйдөн кууп жиберет» дептир.

Кызымдын айтымында, Рысбай кийин дагы биздин үйгө келип, Айдананы чакырып алып«мен чакырганда келип тур дебедим беле» деп дагы опузалап ээрчитип кетет. Үйүнө барса Айбек аттуу кошунасы бар экен. Ага телефонун берип,«азыр мен жасаган ишти видеого тартып тур» деп дагы зордуктаптыр. Азыр эстесем, кызым ошондо төркү бөлмөдө 2 күн турбай жатты. Эмне болгонун сурасам«этек кирим келип жатат» деп койгон, мен дагы ишенип унчукпаптырмын(ыйлап). Кыскасы, кызымды эки жыл бою баш-аягы 6 бала эрмектеп, ыӊгайы келген жерден зордуктап жүрүшүптүр. Алардын экөө18де, калгандары 13-14 жаштагы өспүрүмдөр.

 

«ДААРАТКАНАДА, САРАЙДА, ЖЕР ТӨЛӨДӨ…»

– Ошол окуядан көп өтпөй Рысбай мал багып тоого кетиптир. Анын Бакыт аттуу теӊтушу кызыма күч колдонуп, шишкебек бышырган кафесине алып кирип ал да арам оюн ишке ашырат. Андан кийин клубдун дааратканасында да зордуктаптыр ал акмак. Акыркы ирет кызымды үч бала сүйрөп барып сарайга киргизип, экөө кароолдо туруп, бири зордуктамакчы болгондо тырышып шымын чечпей коюптур. Байкушумдун шымы айрылып, үстү-башы топо болуп эптеп бошонуп чыккан экен. Ошол күн 30-апрель болчу. Эшиктин алдында кир жууп отурган келиним кызымдын чаӊ болуп кирип келгенин көрүп, артынан барып жанын койбой жатып сурап билип алыптыр. Кызым ыйлап болгон окуяны айтып берди. Ошол замат милицияга арыз жаздым.

 

«АПА, МУУНУП ЭЛЕ ӨЛҮП АЛАЙЫНЧЫ»

– Окуя коомчулукка тарап, милицияга арыз жазганымдан соӊ шектелип жаткан балдардын ата-энелери келип, бирибизди калтырбай ашата сөгүп, айтпаган сөздү айтып жатышты. Бир күнү Саадат деген келин келип,«Кызыӊды жакшы тарбиялабайсыӊбы. Өзү аз келгенсип, бизди да бүт айылга шерменде кылды. Милицияга арыз жазгандын ордуна ушундан көрө муунуп эле өлүп албайсыӊбы!» деп каргап-шилеп кетти. Ошондон кийин кызымдын абалы оорлошуп, стресске кабылып«апа, Саадат эже айткандай муунуп эле өлүп алайынчы»деп ыйлап да жүрдү.

Бактыгүл айым мындан сырткары окуяны укук коргоо кызматкерлери жакшы териштирбей жатканын айтат. Тергөөчүгө нааразы болгон эне прокуратурага кайрылып, тергөөчүнү алмаштырган.

 

«РЫСБАЙ ЖАЛГЫЗ БАЛАМ. ҮЙ-БҮЛӨНҮН ЖҮГҮ ОШОНДО»

Ал эми бул кылмышка шектүүлөрдүн бири, 18 жаштагы Рысбайдын апасы төмөнкүлөрдү айтты:

– Балам үй-бүлөнүн улуусу, жалгыз эркек. Атасы каза болуп калгандан кийин 5-классында окуудан чыгарып алып мал бактырып, сөөгү катый электе кара жумушка салып иштетүүгө аргасыз болдум. Кичүү карындаштары кичинекей. Үйдүн да, сырттын да жумушун кылгандыктан уулумдун терс жолго басып, ашыкча ойноого чамасы да, убактысы да жок болчу. Окуя болгон жылы менин балам тоодо мал багып жүргөн. Андан кийин Бишкекте курулушта иштеген. Анан кайдан эле балам шектүү болуп калды билбейм. Караан туткан уулум үй-бүлөнүн жүгүн баш-оту менен көтөрчү. Эми мыйзам боюнча эмне чечим чыгарылса, айла жок, ошого баш ийүүгө туура келет да.

Мындан сырткары кылмышка шектелип жаткан 13 жаштагы 2 балага жана алардын ата-энелерине жолуктук. Мектептен келе жаткан балдар окуя тууралуу айткысы келишкен жок, ал эми ата-энелери болсо «бул жалаа» дешет. Ал эми милиция кызматкерлери тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Гүлжан Асанкожоева, “Супер-инфо”, 25.09.2015-ж.

Түп нускага шилтеме: http://www.super.kg/article/show/33645/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*