Кыргызстанда атайын жолдомолорго электрондук кезек түзүү сунушталып жатат

Долбоордун максаты — майып жарандарга курорттук санаторийлерге жолдомолорду бөлүштүрүүдөгү коррупциялык иштерди, тааныш-билиштикти алдын алуу.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн курорттук санаторийлерге жолдомолорду алуу боюнча электрондук кезек түзүүнү сунуштап жатат.

Токтом долбоору коомдук талкуу үчүн өкмөттүн сайтына жайгаштырылды.Министрлик аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында бул долбоор өтө маанилүү экенин белгиледи.

Максаты – майып жарандарга курорттук санаторийлерге жолдомолорду бөлүштүрүүдөгү коррупциялык иштерди, тааныш-билиштикти алдын алуу.

“Электрондук кезек системасы жарандардын ыңгайы үчүн иштейт. Анда кезекке турган ар бир жаран процесстин ар бир этабын көзөмөлдөй алат”, — деп айтылат маалымкатта.

Белгилей кетсек, жыл башында Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 186,7 миң жаран бар экени айтылган.

2018-жылы майып жарандарга республикалык бюджеттен 25 миллион сомго 2114 жолдомо сатып алынган.

https://m.sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*