10 жаштагы тубаса майып Амантурдун ата-энесине уйку бербеген кабар

10 жаштагы тубаса майып Амантурдун апасы Асель Алыпсатарова Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылынын 44 жаштагы тургуну. Сол тизеси тескери төрөлгөн уулунун тагдыры, талашка түшкөн турак жайынын көйгөйлөрү оор түйшүк жаратып, күн санап турмуш түйүндөрү татаалданып барат. Анын майып арабадагы уулун көтөрүп, үйсүз калуу коркунучунан жаралган жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, тубаса майып уулунун баарын түшүнүп туруп сүйлөбөгөнү, улам жашы жетилгенине сүйүнгөнү менен туюк сезимдеги ички арманы артып турганы өкүндүрөт.

«Кадимки эле тоолук кыздай Суусамыр өрөөнүнүн Биринчи май айылында, кичи мекенимде жетилдим. Ат минип, уй саап, кой кайтарып, курут эзип, кымыз ичип дегендей… Анан турмушка чыктым. Чүйдүн келинимин. Учурда Москва районунун Чоң-Арык айылында жашайбыз. Жолдошум Таалайбек райондук суу чарбасында эмгектенет. 2 кыз, 1 уулдун ата-энесибиз.

Уулум тубаса майып. Сол тизеси тескери болуп төрөлгөн. Ошондон баспай келет. Өз алдынча отура да албайт. Таңдан кечке майып арабада күн кечирет. Сүйлөбөйт. Колдорун жаңсоо менен бир нерселерди түшүндүрөт. Кадимкидей сын алгыдан спорт оюндарын кызыгуу менен көрөт. Уулумду көтөрүп нечен ооруканага алып бардык. Бишкек шаарына барганда ортопед-дарыгер операция жасабай эле сол тизесин бурап туруп, гипске салып койгон. Ошондо “Кудай буюрса уулубуз эми басат. Эл аралайт. Катарлаша басып жүрөбүз” деп сүйүнгөнбүз. Дарыгерге ийилип таазим кылдык эле. Алар балдардын церебралдык шал оорусу деген диагнозун коюшкан. Биздин медициналык билимибиз болбогон соң, дарыгердин сөзүнө ишенебиз да. Тилегибиз орундалбады. Уулумдун сол бутун бурап гипстеген дарыгерди кийин таппай калдык. Башка жакка которулуп кеткен экен. Арадан айлар, жылдар өттү. Ар түрдүү дарыгерлерге көргөзүп, кеңештерин алып келебиз. Негедир өзгөрүү эч болгон жок. Тескерисинче оору кээде күчөп барат.

Баары кудайдын буйругу менен экен. Баспаса, сүйлөбөсө да ден соолугу чың болуп, майып арабада маңдайыбызда отурганына шүгүр дейбиз. Айрым учурда күлүп, бир нерселерди көргөзө кол жаңсап калганда денеме батпай кубана түшөм. Бетинен өөп, берерге эч нерсе таппай сүйүнөм. Ошол учур мен үчүн эч нерсеге салыштыргыс бакыт. Атасы жумуштан келгенде майып арабасын түртүп ойнотот. Аны менен эс алат. Үнсүз сүйлөшөт. Уулум баарын түшүнүп, көздөрүн бакырайтып жыргап калат. Эгер ал капа болсо, биз үчүн оор. Баарыбыз күнөөлүдөй жер карап, акырын бири-бирибизге көз кырыбызды салабыз. Күлгөнүн жүзүнөн сезген замат оор жүктөн бошонгондой болобуз. Ошентип, бири-бирибизди аяп жашап келебиз. Мындай тынч жашообузга кайдан-жайдан бир көйгөй илешти, бүгүнкү күнгө чейин отко-сотко чуркатат. Биз оорулуу балабызды аман-эсен чоңойтуп, ден соолугун чыңдоого бүткүл аракетибизди жумшап жатсак, гектарлаган жери, менчик соода борборлору бар, чиренген чиновниктин мураскорлору үй жайыбызды талашып, жаш балдарым, өзгөчө майып уулум Амантур менен көчөгө чыгарганга мыйзамсыз аракеттерин көрүп жатканына кейип келем», – деди Асел Алыпсатарова.

https://www.turmush.kg/news:376444

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*