Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдарга эмгек акы төлөнөт

Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөнөт. Мындай токтом Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги отурумунда жактырылды.

Баяндамачы Мирлан Бакировдун айтымында, өлкө аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген 172,8 миң адам жашайт, алардын ичинен балдардын саны 29,2 миңге жакын. 6 миңге жакын бала дайыма бөлөк адамдын багуусуна муктаж. Аларды кароого ата-эне, жакын туугандары суткасына 12ден көп саат жумшайт. Бирок, көптөгөн ата-энелер пенсиялык жана медициналык камсыздандыруудан сыртта калууда.

Каржы министрлигинин эсептөөлөрүнө караганда, азыркы жашоо минимуму 4794 сом болсо, аталган токтомду ишке ашыруу үчүн жалпысынан 450-470 млн сом талап кылынат.

Талгат Мураталиев

Май 14th, 2018

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдарга эмгек акы төлөнөт

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*