Миграция: бөтөн жерде төрөгөн эселектер

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда эки кыргызстандык өспүрүм көз жарып, бири ымыркайды муздаткычка катып койсо, экинчисинин баласы өлүү төрөлгөн.

7-майга караган түнү Санкт-Петербургдун №5 шаардык ооруканасына Айзирек аттуу 14 жаштагы кыргыз кыз кайрылган. Өспүрүм кыз үйдө төрөгөндүгү, мурдатан дарыгерлердин көзөмөлүндө турбаганы аныкталган.

Иштебеген муздаткычка катылган ымыркай Питердин Задворный көчөсүндөгү жатаканадан табылган. Таң эрте баланын ыйынан ойгонгон жатакананын бир жашоочусу дароо полиция чакырган.

Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Кочкорбай Кутунаевөспүрүм кыз Орусияда иштеген ата-энесинин колуна жакында эле келгенин айтат.

Кочкорбай Кутунаев.
Кочкорбай Кутунаев.

– Кыз Кыргызстандан эки ай мурун келген экен. Ата-энеси бул жакта иштейт. Кыздын боюнда бар экенин ата-энеси билбептир. Төрөп туруп, муздаткычка салып коюптур. Оштун Араван районунан экен. Эми суракта жүрүшөт. Тергөөчү “бирөөңөр кылмышты моюнуңарга алгыла” дегенин айтышты.

Тергөө комитети Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси («Кылмышка даярдык көрүү») боюнча иш козгогон. Жаңы төрөлгөн ымыркай №1 ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

8-майда дагы бир кыргызстандык өспүрүм кыз Москванын түштүк-батышындагы Новаторов көчөсүндөгү үйдө төрөп, кийин ооруканага түшкөнүн орусиялык маалымат каражаттары кабарлашты. Ымыркай өлүү төрөлгөн. Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы бул окуянын чоо-жайы азыр такталып жатканын кабарлады.

Ата-эненин көзөмөлү жок, кароосуз калган мигранттардын балдары зордук-зомбулукка дуушар болуп жатканы, өспүрүм куракта төрөгөн кыздардын маселеси акыркы жылдары байма-бай айтылып келет.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча былтыр жашы жете элек балдарга карата 1101 кылмыш иши катталган, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон.

Ошондой эле бир жыл ичинде 97 өспүрүм өз жанын кыйган. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жыл сайын Кыргызстанда миңдей өспүрүм курактагы кыз көз жарат.

“Ата-эненин жоопкерчилиги каралсын”

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова балдарын таштап, чет өлкөгө эмгек миграциясына чыгып бараткан ата-энелердин жоопкерчилиги каралышы керек деген ойдо. Укук коргоочунун айтымында, мигранттар балдарын кимдин камкордугуна жана жоопкерчилигине калтырып жатканын тийиштүү мамлекеттик органдарга кабарлашы керек.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

– Чет жакка кетип жаткандардын баары чек арадан өтөт. Ошондо үйүлөлүк абалы тууралуу маалымдаманы талап кылып коюш керек. Жашы жете элек балдары болсо алар кимдин кароосунда калганы, ким жоопкерчилик алганы көзөмөлгө алынышы керек. Муну нотариус аркылуу бирөөнө каттайбы же район-облустардагы социалдык кызматтар аркылуу табыштайбы – айтор расмий жоопкерчилик алган тарап болушу керек. Ошол балдарга жоопкерчилик алган адамдарды да жергиликтүү органдарга, мектепке, керек болсо ооруканага да билдирүү жасап коюуга милдеттендириш керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева мигранттардын балдарына социалдык коргоону камсыз кылыш үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин облустардагы ишин илгерилетүү зарыл экенин белгиледи:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

– Социалдык комитетте мигранттардын балдарына көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир нече мыйзамды өзгөртүү демилгесин карап жатабыз. Балдарга карата «багуучулук» милдетин өкмөткө жүктөш керек. Ошондо социалдык кызматкерлердин ролу көтөрүлөт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жер-жерлердеги ишин жакшыртып, каржылоосун көбөйтүп, атайын система түзүш керек. Ар бир баланын артынан түшүп, анын мектептеги жетишкендиктери, психологиялык абалы сыяктуу маселелер көзөмөлдөнүшү зарыл. Эрте төрөгөн кыздар, ошол эле өгөй атасы бир нече жыл зордуктап келген секелек кыз – мунун баары бир маселе. Мындай көрүнүш азайган жок, туруктуу тенденция болуп калды.

Касымалиева ошондой эле балдарга ата-эненин, камкордукка алган адамдардын, мугалимдердин жана социалдык кызматкерлердин жоопкерчилигин арттыруу зарыл экенин кошумчалады.

Кыргызстанда жашы 18ге толо элек 2,5 миллиондой бала бар. Адистер эмгек миграциясынан балдар эң көп жабыр тартарын белгилешет. Ата-энеси менен миграцияга бирге чыккан балдар чет жакта толук билим ала албай, дискриминация менен эмгек эксплуатациясына кабылса, тааныш-туугандары камкордукка алган балдар көп учурда кароосуз калып, зордук-зомбулукка дуушар болуп, психологиялык жактан жабыр тартышат.

Лазат Жаныбек кызы
12-май, 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*