к-Кыядагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 15 балага белектер тапшырылды (фото)

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун алыскы Ак-Кыя айылында 3-декабрь — Майыптар күнүнө карата 15 балага белек берилгендигин айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, аталган айылдагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 15 балага жалпы 4 миң 600 сомдун белектери тапшырылды. Белек тапшырууга барган айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Аскат Эрменкан уулу жана өкмөттүн жооптуу катчысы Майрамкүл Токтогулова балдардын жашоо турмушу менен таанышты.

Turmush 

07.12.2017

http://www.turmush.kg/news:336399/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*