Фото – Ошто майып жарандар үчүн кайрымдуулук дүкөнү ачылды

Ош шаарындагы Ак-Тилек аймактык кеңешинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн кайрымдуулук дүкөнү ачылып, 50 жаранга азык-түлүк таратылды. Аталган аймактык кеңештин төрайымы Нурила Кочкорбаеванын айтымында, мындан ары ай сайын 50 жаранга азык-түлүк таратылып турат.
«Орозо айынын урматына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө акысыз ай сайын азык-түлүк таратып туруучу дүкөн ачтык. Учурда аймактык кеңештеги 10 адам ай сайын жардам көрсөтүү милдетин алды. Ошондой эле, каалоочулар дагы кийим-кече, азык-түлүк берсе болот», – деди Н.Кочкорбаева.
Учурда аймактык кеңеште ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 150 адам жашайт.

Turmush 

16.06.2017
http://www.turmush.kg/news:326449/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*