Turmush – Ош шаарынын Анар кичи районундагы көзү азиз жана дүлөй жарандарга берилген 5 кабаттуу үйдүн жер төлөсү жараксыз абалга келип, кооптуу абал жаралды. Бул көп кабаттуу үй жаңы курулуп, 2012-жылдын 11-майында пайдаланууга берилген.
Аталган үйдүн жашоочусу Топчугүл Кашкариеванын айтымында, үйдүн документтери бериле элек.
«25-июлда түнү үйдүн жер төлөсүнөн катуу үн чыкканын уктум. Эртеси жашоочулар жер төлөдө жарака кетип, дубалы кулайын деп калганын көрүп чыгышты. Жашагандан кооптонуп жатабыз. Үй жараксыз абалга келди. Жер титирөө да тез-тез болуп жатат. Ошондуктан бул маселени тез арада чечүү керек. Жер төлөдөгү дубал ажырап калган», – дейт ал.
Жашоочулар бул туурлуу ӨКМге жана мэрияга кайрылган. Алардан азырынча жооп боло элек.
«Сафари» курулуш компаниясынын өкүлдөрү үйдү 4 жыл мурда пайдаланууга бергенин жана азыркы жаракалар кооптуу эместигин айтууда.
«Үйдүн жер төлөсүндөгү канализациянын түтүкчөсү жарылып, суу чыккан. Ага канализациянын суусу толуп калганы себеп болгон. 45 батирдин канализациясынан чыккан суу 3 кудукка толгон. Андан улам жер төлөдөгү кеңселердин дубалдары жарылган. Ага жашоочулар күнөөлүү. Түтүкчөлөрдү тазалаганда ар кандай таштандылар, желим баштыктар кошо чыкты.
Бул имаратта оңдоо иштерин жүргүзүп беребиз. 10 күндүн ичинде оңдоо иштерин бүтүрөбүз. Суу чыкканы менен үйдүн пайдубалына, батирлерге зыян болгон эмес. Кооптуу жагдай жок», – деди аталган компаниянын өкүлү Канатбек Талиев.
Turmush
28.07.2016
http://www.turmush.kg/news:306250
Leave a Reply