Сурагым келет

pravo

Окурмандарыбыз «Сурагым келет» рубрикасы аркылуу жүрөгүн өйүп келген суроолоруна жооп алып келишет. Бул чыгарылышыбызда окурмандардан келип түшкөн ар кыл суроолорго “Майыптарга юридикалык жактан жардам берүү” коомдук фондунун юристи Аскат Байматов жооп берет. Сиздерди кызыктырган суроолор болсо 0 (558) 87-11-11 номерине чалып же SMS түрүндө билдириңиздер.

Суроо: – 2013-жылы эки бөйрөгүм иштен чыгып катуу ооруп төшөккө жатып калгам. Ден соолугума байланыштуу эч жакка чыга албай калганымда менден үч жаш улуу мага куюп койгондой окшош эжеме банктагы эсебимден акча алып турсун деп нотариус аркылуу ишеним кат бергем. Мына ошол ишеним каттын мөөнөтү аяктаса да эжем аны узартып алып колдоно берет экен. Себеби жакында эле банкка сактаган 3 миң долларымды алганы барып бир сомум жок экенин билдим. Эми үй алып өзүмө каттатсам, эжем үйүмдү да алып коёбу деп корком. Экөөбүздүн фамилиябыз дагы бир, атыбыздын баш тамгасы дагы окшош. Эжеме берген ишеним катты орду-түбү менен жараксыз кылышым үчүн эмне кылышым керек?
Гүлназ, Ош шаары

Жооп: – Кыргыз Республикасынын жарандык кодексине ылайыктуу, ишеним катты берген адам каалаган учурда кайра жокко чыгарууга укугу бар. Ал үчүн кайсы нотариус аркылуу ишеним катты берген болсоңуз, ошол нотариуска сиз берген ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылышыңыз керек. Ушундай арыз менен нотариуска кайрылгандан кийин ишеним кат алынып салынгандыгы жөнүндө эжеңизге жана аларга өкүлчүлүк кылуу үчүн ишеним кат берилген өзүнө тааныш үчүнчү жактарга (банкка, мамлекеттик каттоо кызматына ж. б.) кабарлашыңыз керек. Ошондой эле мыйзам боюнча ишеним кат үч жылдан көп мөөнөткө берилбейт. Сиз берген ишеним катты сизден башка эч ким узарта албайт. Ошондуктан сиз алдамчылык факты боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылсаңыз болот.

 

Суроо: – 2014-жылы эжем таанышына сүйлөшүп баласы аркылуу мага 5 миң доллар насыя алып берген. Ал насыяга жер тилкесин сатып алып 2 бөлмөүй тургуздук. Ошол кезде үйдү жолдошума же мага каттатайын десек, экөөбүз ажырашып жүргөн элек. Балдарым болсо Орусиянын атуулдары. Ошон үчүн насыя алып берген эжем өзүнүн бойдок баласына каттатып койгон. Үйдү бүтүрүп жашап баштаганыбыздан көп өтпөй кыйналып кеттик. Балдарым салган акча менен насыяны жаба албай ай сайын тууган акчаны эле төлөп калдык. Аябай кыйналганыбызда үйдү сатып банктын акчасын төлөп, кайра башка жер тилкесин алууну чечип үйдү 40 миң долларга бааладык. Эжем кардар таап, бизге “үйдү сатып алгандар жарым акчасын азыр, калганын күзүндө берет” деп, колуна тийген акчаны “жазга чейин иштетип турайын” деп суранган. Мен ага ишенип үй сатылгандан кийин ижарага чыгып кеткем. Күз келди, бирок дале акча жок болгондуктан үйдү сатып алган балага барып “жарым акчасын качан бересиң?” деп сурасам, ал сатып алганда эле толук 38 миң долларды санап эжемдин колуна карматканын айтты. Көрсө, кылгылыктын баарын эжем кылып өз үйүмдөн бир тыйын бербей мени сыртка чыгарып койгон экен. Эми “акчамды бер” деп айтсам, “жазында, күзүндө берем” деп бербей жатат. Аны сотко берейин десем, эжем “мыйзам мен тарапта, анткени үйдүн документи менин балама катталган, керек болсо насыяны да мен алып бергем. Ал тургай, үйдү сатып алган кардарды да мен тапкам. Бара турган жериңе бара бер, сотко бере турган болсоң, бир тыйынга да ээ болбойсуң” деп коркутуп жатат. Бирок үйдү чындыгында мен салдырганмын. Кошуналар күбө болуп беришет. Жардам бергилечи, эмне кылсам жана кайда барып кайрылсам болот?
Гүлбара, Бишкек шаары

Жооп: – Насыя сиздин эжеңиздин атынан алынганына байланыштуу юридикалык жактан алып карасак, насыяга алган акчага сиздин тиешеңиз жок. Банктын алдында насыяны төлөбөй койсоңуз, эжеңиз жооп бермек. Ошондой эле сиз курган үй эжеңиздин баласына катталган үчүн сиздин бул үйгө юридикалык жактан тиешеңиз жок. Эгерде сизде эжеңизге акча берген жөнүндө тил кат жана башка далилдер болсо, анда сот аркылуу доо арызы менен кайрылып сиз эжеңизге берген акчаңызды кайра кайтарып алсаңыз болот.

 

Суроо: – Мамлекеттик ишканалардын биринде иштеп жүрүп өз каалоом менен жумуштан кеттим. Быйылкы жылдын июнь айында 28 күндүк эмгек өргүүсүн алгам. Жумуштан октябрдын аягында бошодум. Ошондо өргүүдөн кийин туура 4 ай иштегем. Эмгек кодекси боюнча, пайдаланылбаган эмгек өргүүсүүчүн мурда мен иштеген мекеме мага акча төлөшү керекпи? Кандай жол менен төлөтүп алса болот?
Айназик, Бишкек шаары

Жооп: – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 126-беренесине ылайык, өргүүнү иш жылынын иштелген бөлүгүнө пропорциялуу, бирок 14 календардык күндөн кем эмес берүүгө уруксат берилет. Ошондой эле Эмгек кодексинин 132-беренесине ылайык, кызматкер жумуштан бошонгондо ал пайдаланбаган бардык өргүүсүүчүн иш берүүчү акчалай компенсация төлөп бериш керек. Төлөтүш үчүн сиз мурда иштеген мекемеге (иш берүүчүгө) арыз менен кайрылышыңыз керек. Арызда пайдаланбаган бардык өргүүүчүн компенсация төлөп берүүнү сураңыз. Сиздин арызыңызды кабыл албай же компенсацияны бербей койгон учурда сотко доо арызы менен кайрылып төлөтүп алсаңыз болот.

 

Суроо: – Мен биринчи топтогу майыпмын. Бутум ооругандыктан көп баса жана алыска жол жүрө албайм. Картайганча ата-энемдин төрүндө олтурдум. Ата-энем каза болор алдында мага “сенин жер тилкең бар, ошол жерди сатып керегиңе жарат. Ал эми бул үй бизди багып келе жаткан иниң менен келинге жана неберелерибизге калсын” дешкен. Ата-энемдин көзүөткөндөн көп өтпөй алар менен чогуу жашаган иним каза болуп калды. Иним менен ата-энемден айрылгандан кийин мен келинге жүк болбоюн деп карылар үйүнө кетип калгам. Ошол ата-энемдин үйүндө жашап жаткан келиниме эң кичүү инибиз “үйдү бошот” деп айтыптыр. Көрсө, биз өлүм-житим деп алаксып жүргөн маалда эң кичүү иним ата-энемден калган үйдү жана каза болгон иним менен мага тиешелүү жер тилкени өзүнө жаздырып алыптыр. Мага болсо башка таштак жерден жер даярдап коюптур. Ал таштак жерди мен кантип сатмак элем. Мына ошол өзүмө бөлүнгөн мурунку жер тилкени кайтарып, ата-энемдин үйүн каза болгон инимдин балдарына жаздыртып алсак болобу? Ал үчүн мен эмне кылышым керек?
Гуля, Ысык-Көл облусу

Жооп: – Бул мурас маселеси. Эгерде ата-энеңиз үйдү жана жер үлүшүн кимге мурас кылганын кагаз жүзүндө калтырбаса, анда үй мыйзам чегинде бир туугандарга бирдей бөлүнөт. Үйдүөзүнө каттатып алган эң кичүү иниңиздин каттоо документин жараксыз кылуу үчүн сиз келиниңиз менен бирге “Мамлекеттик каттоону жараксыз деп табуу жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде доо арызы менен сотко кайрылышыңыз керек.

 

Суроо: – Өзүм жогорку окуу жайдын эсепчи адистигин бүткөм. Окууну бүткөн жылы жаштык кылып бир кызды сабап, бычак сайып тор артына эки жыл олтуруп чыктым. Чыккандан кийин өз кесибим боюнча иштейин деп бир топ мектептерге жана мамлекетке караштуу мекемелерге барсам жумушка албай коюшту. Анан айлам кетип жеке менчик тигүүчү цехке үтүкчү болуп жумушка кирдим. Соцфондго акча чегерилип, кийин пенсия алышым үчүн жок дегенде мамлекеттик мекемелерге барып пол жуугуч болуп иштесемби десем да албай коюшту. Бул жерден менин укугум тепселип жаткан жокпу? Соттолгондорду эч жерге жумушка албоо тууралуу мыйзам барбы? Эмне үчүн мени бир дагы мекеме жумушка албай жатат?
Алтынай, Жалал-Абад облусу

Жооп: – Кээ бир жумуштарга соттолгондорду албоо жөнүндө мыйзамда беренелер бар. Алар көбүнчө мамлекеттик мекемелердеги жумуштар. Мисалга алсак, милицияга, укук коргоо органдарына, сот, депутат, президент жана башка кызматтар. Бирок соттолгондорду эч жерге жумушка албоо тууралуу жалпы мыйзам жок. Ошондуктан ар бир мекеме сизди соттолгондугуңуз үчүн жумушка албай койгонго укугу жок.

Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Даткайым ДОСМАТОВА, “Леди.КГ”, 19.01.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*