Ажырашкан аялдардын укуктары корголбой калууда

ajyrashuu

Улуттук статистикалык комитети берген маалыматка таянсак, Кыргызстанда ар бир төртүнчү же бешинчи нике ажырашуу менен аяктап жатат.Көп учурда ажырашкан балдар аялдардын колунда калат. Соттук практикада көп каралган иштердин бири дагы жашы жете элек балдары бар жубайлардын ажырашуусу.

Калктын жумуш менен камсыз болгон катмарын көбүнчө эркектер түзөт. Басымдуу аялдардын, айрыкча элет жеринде жашагандардын жумушу жок же жумушу болсо айлыгы аз. Юридикалык жактан каттоодон өтпөгөн никеде турган жана жарандык никеси менен жашап жубайы менен ажырашкан аялдын колунда баланын тарбияланышы учурда олуттуу маселелердин бири болууда. Майлуу-Суу шаарынын тургуну Айдана Сапарбаева мындай кыйынчылык менен бет келишкен аялдардын абалы кыйын экенин айтты.

“Бизде азыр жалгыз бой, балалуу болуп күйөөсү менен ажырашкан аялдардын абалы дагы бир орчундуу маселе дейт элем. Элет жеринде көпчүлүк аялдар иштешпейт. Үч-төрт баласы менен ажырышып кеткен аялдар бар. Көп учурда жолдошу дайынын таптырбай качып кетип, мисалы Россияга, анан жумушу жок, балдары менен калышат. Биздин Майлуу-Сууда өзүңөр билесиңер жалгыз эле электр лампа заводу иштейт. Анан администартивдик мекемелердин, мектеп, оорукананын жумушчулары эле жумуш менен камсыздалган, башкы кишиге жумуш жок. Көбүнчө мал менен тирилик кылышат. Жалгыз бой энелер иштебесе баласы үчүн төлөнө турган жөлөк пулдун акчасы аябай эле аз, мисалы 1000 сомго жетпеген акча. Аны менен баласын окутушу, ооруп калса дарылатышы кыйын болуп калат.

Майлуу-Суу экологиялык жактан таза эмес шаар деп айтып келебиз. Биздин шаарда көп учурда ооруп калган балдарды Жалал-Абадга жиберишет. Ал жакка чейин эки сааттык жол, жолдо бала мисалы курч кармаган оору менен ооруп калса эмне болот? Чындыгында эле таза суу жок, инфекциялык жугуштуу оорулар тез-тез чыгып турат. Ушундай шарттарда жалгыз бой жашап кыйналган энелерди көп кездештирдим. Мамлекет жалгыз бой аялдарга кам көрсө жакшы болот эле. Маселен ошол эле Россияда жалгыз бой аялдардын баласына төлөнө турган жөлөк пул менен эле эч жерде иштебеген аял жашап кетсе болот экен. Бизде болсо азыр ар ким өз алдынча тиричилик кылганга эле өттү. Бул маселе көп айтылбаганы менен өтө орчундуу маселе деп эсептейм”,-дейт Сапарбаева.

Юрист Гулина Дандыбаеванын айтымында учурда ажырашкан аялдар күйөөсүнөн алимент өндүрүп алыш үчүн көп чуркашы керек.

“Соттук практикада көп каралган иштердин бири жашы жете элек балдары бар жубайлардын ажырашуусу. Ажырашуу албетте эки жубайга тең кыйын деп айтат элем бирок көп учурда ажырашуудан аялдар жапа чегет. Алар баласын өзү карап бага турган болсо материалдык жактан коргоого муктаж болушат. Азыр балдарына алимент төлөбөй, дайынын таптырбай качып кеткен эркектер көп. Алиментти өндүрүп же чегерип алуу маселеси дагы орчундуу. Мисалы азыр мен Россияга кетип калган эркектин жумуш ордунан маалымдама алып жана башка көп документ топтошум керек болот. Анын баарына эле жалгыз бой аялдар чуркап же юристке кайрылганга күчү жете бербейт. Ошондуктан алимент ала албай калгандар бар. Барган жерине каттоодо турбагандар жана биздин эмгек мигранттарынын расмий эмес жумушка иштегендери дагы алимент өндүрүрүп алууга мүмкүндүк бербейт. Өз убагында алимент албай калуу же таптакыр алимент албоо толук эмес үй-бүлөдөгү аялдар менен балдардын кыйын абалына алып келүүдө”,-дейт ал.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

Гүлнур Жумалиева, Кабар ордо, 20.01.2016,
http://www.vb.kg/kabarordo/doc/266167_ajyrashkan_aialdardyn_ykyktary_korgolboy_kalyyda.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*